www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул болгон окуя.Ушул күндө Алматыда жашаган, Кытайдан элине кайтып келген бир боорубуз көзүнө жаш алуу менен бул аңгемени айтып берди:
- Мен эн мыкты бааларга окудум. Ошондуктан Пекиндеги бир жогорку окуу жайына экзаменсиз өттүм. Ал жерде 1-2 жыл кытай тилинен кыйналганым менен кийин баарынан озуп кеттим. Республикалык, эл аралык олимпиада-мелдештерде топту жарып алдыга чыгып журдум. Сабагым да, спортум да "5" болгон үчүн мага кытай кыздары жабышты.
Боюм узун, сөөгүм чоң, карылуу элем. Кыздардын бирине да карабадым. Алар мага ар түрдүү айла-амалдарды колдонду. Бирок кылдай да коңүл бурбадым. Ичкен чайыма (возбуждающий) козгогуч дары кошкон учурлары да болду. Ошондо да жеңилбедим.
Көрсө мунун баары пландуу жасалган иштер экен. Пекинде бий институтту бар. Ал жерде аябай сулуу келишкен кыздар окуйт. Көпчүлүгү чиновниктер менен байларга байбиче же токол болуп кетишет. Ошол бий институнун кыздары неге мени жакалап-ээрчийт десем, артында чоң кеп бар экен да...
Демек, баары атайын план менен, атайын тапшырма менен болгон экен... Окуумду жалаң 5ке окуганыма карабастан дипломумду бербей койду. Башка бардык бүтүрүүчүлөрдүн чет элге чыга турган паспортун бергени менен меникин беришпеди. Сурасам же паспортумду бербейт же дипломумду бербейт. Эч нерсеге түшүнбөй Пекинде жүрүп калдым. Дипломсуз үйгө баруудан өлүм жеңил эле. Бир күнү мени университеттин ичиндеги Күзөт Мекемесине чакырды. Бардым.
Мен көрбөгөн адамдар тергеп, суракка алды. Кытайдын Улуттук Коопсуздук Кызматынын (СНБнын) адамдары экен. Мага баарын ачык айтышты. Мени СНБга кызматка алмак экен. Баш тарттым. Себеби менин эңсөөм - Казакстан болчу. Алматы менен Астананын көчөсүн шыпырсам да ыраазы элем. Эң башкысы ата-энем бул учурда эбак эле Казакстанга кочүп кетүүгө үлгүргөн эле. Алар мени 2 жума айландырды. Мен сөзүмдөн кайтпадым. Өз укугумду айтып, мыйзамга таяп туруп алдым. БУУнун(ООНдун) Конвенциясында "Үй-бүлө мүчөлөрүнүн бир өлкөдө жашоосу кепилдикке алынганын" айттым. Акыры алар да чарчашты.
Соңунда мени ак халатчан 1 топ адам келип алигилердин мекемесинен алып кетти. Алар мага ачыгын айтышты .Эгер мен алардын айтканын аткарып, спермамды берсем, паспортум да, дипломум да бериле турган болуптур. Мен дароо макул болдум. Себеби сперманы 1-курстан бери бардык студенттер ар жылы берип келгенбиз да. Аларда ошондой мыйзам бар болчу. Группадагылардын баары мен сыяктуу миллиондун ичинен иргелип алган сайдын ташындай жигиттер эле.
Ошентип, алар мени эт, жумуртка, балык менен бакты.1 күндө 3-5 маал тамак, 3 күндө 1 жолудан сперма берем. 3 айдан соң алар мени бошотушту. Кызыл дипломум да, паспортум да колума тийди.
Ишенесизби, Казакстан визасы да коюлуптур. Аң-таң болдум. Эң кызыгы алар мага Алматы-Пекин учагына билет да карматышты. Аэропортко жеткиришти.
"Сен мени бпгып, караган улуу Кытай элин таштап кетип жатканың менен сенин 10 000ге жакын урпагың өзүңдүн төл балаң ушул кытай эли үчүн кызмат кылат. Дал азыркы убакытта сенин 100 чакты балаң бар экенин биз сага ишенимдүү түрдө айта алабыз"-деди... Элге кайттым.
Бирок, бир өкүнүч көкүрөгүмдү эзет. Кылгандарымдын баары шариатка каршы келээрин Казахстанга келген соң билдим... Орду толгус өкүнүч... Кытайлар биздин бүткүл биологиялык көрсөткүчтөрүбүздү мурдатан бери анализдеп-архивдештирген да. Анысын дең- соолук үчүн дешчү. Кыскасы акыл-ой туюмубузга чейин анализ жасап, изилдеп, ID(АЙДИ КАРТА) көрсөткүчү эн мыкты, эн күчтүү уул-кыздарды таза казак мүнөздүү болуудан алыс кылып тарбиялоодо. Казакстанга келип кайткандар лагерлерге камалууда. Бала-чакасын Казакстанга жибергендердин алды соттолуп кетти. Мечиттер кысымга алынууда. Көбү жабылууда.
Кытайдын мыйзамдуу Ислам Институтун бүтүп, Компартиянын мыйзамдуу кызмат бөлүмүнөн уруксат алып, имам болгон жарандар акыркы 3 жылда четтен соттолуп жатат. Айылдагы мечиттер имамсыз калып атат. Кайтыш болгон мусулмандарды мусулманча жерге берүүгө тыюу салынды.
Кытайдан анын маани-маңызы мындай: Кытайдын былтыры чыккан "Мусулманча жерге берүү мыйзамы" боюнча атайын Өкмөттүн уруксаты болбогон адамдардын жаназа окууга, Куран окууга, Куран хатмы кылууга укугу жок" делинген. Аталган мыйзам боюнча имамдар өз айылынан тыш жерлерде диний иш-чараларды, жөрөлгөлөрдү өткөрүүгө кескин тыюу салынган.
Демек, бир кадам жердеги коңшу айылдын имамы соттолуп кетсе, же алар бетине тутуп шылтоологон "ПОЛИТИЧЕСКОЕ ИЗУЧЕНИЕГЕ" кетсе, ал айылда кайтыш болгон мусулманды башка айылдын имамы келип жаназа окуп, жерге бере албайт! Имамдык кубөлүгү жок молдолордун андайга акысы жок! Ал тургай Куран окуунун өзү "Мыйзамсыз диний аракет"деп бааланып, соттолот. 2014-жылдан бери Кытайдагы казак имамдары четтен туткундалып келет. Имамдарды курутканы-иммунитетти курутканы го!!! Имамсыз журт ыймансыз журтка айланат. Ар бир казактын үйүнө 1 ден кытайды "туугандаштырып" койгон.
Көзөмөлгө алып, байкап отурушат келечекте казак урпагы кытайдын боор-эти (күйөөрү) болсун деп, Казакстанды өздөрү үчүн кооптуу деп санаган 26 элдин катарына кошуп койгон! "Балкашка чейинки жер Кытайдыкы"-деп ачык эле чакырык жасай турган болушкан. Кытайдагы казакты отко кактап жесе да, сууга бышырып жесе да кийлигишкенге акыбыз жок болуп калган мына бул шумдук бир, таш боор кезде Кытайдан келген бир Казак катарында Казакстан коомчулугун Кытайдан Сактанууга чакырамын! Биз таш санасак, алар кумду санайт. Алар Орто Азияны ээлеп алмакчы!
Казак эли аскерин күчөтсүн!
Оюн тойду азайтып, чек- ара аймактарына аскердик тосмолорду көбөйтүүбүз керек!
Кыскасы Казакстан көзүн ачып, эсин жайышы зарыл!
Кытайда окуп жаткан 20 000 Казак студенти катуу текшерүүдөн өткөрүүгө тийиш. Мамлекеттин уруксатсыз өз алдынча кытайга барып окуй бере турган беректсиздикти, өз билемдикти, өз билемдикти токтотуубуз абзел! Кытай тилин үйрөтүп жаткан окуу жайларды кылдаттык менен текшерүүдөн өткөрүү керек!- дейт кайрылууда.
3 сааттан бери казак тилинен бул маанилүү, ары кооптуу кайрылууну которуп Сиздерге толук жеткиргенге Аллах үчүн аракет кылдым. Уландысы бар дептир. Ин шаа Аллах Казакстан сайттарына кирип маалыматты толук алууга тырышам.
Стратегиялык, экономикалык жактан Кыргызстандан ат чабым ойдо турган Казакстан эли ушу маселени талкуулоодо.
Андыктан мен дагы мусулмандардын балдарын Кытайга окууга жибербөөгө жана укук коргоо органдары Кытайдан окуп же иштеп, жашап келген жарандарды иликтеп, мыйзам чегинде дыкат текшерип, көзөмөлгө алууга, бир дагы кытай жемиштерин, азыктарын жебөөгө, буюмдарын сатып алып, колдонууну токтотууга чакырам.
Сиздерге тынчтык, саламатчылык каалап Казак тилинен кыргыз тилине которуп маалымат жеткирүүгө аракет кылган мусулман бир тууганыңыздар.
Өзгөртпөй интернет булактарына таратууну сунуш кылам!
Санавар Сайпидинова
Булак: "Интернет"