www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кайрат Ашуров: "Мигрант ыры"

 Эх Россия Москваңдан тажадым,

Ишсиз жүрүп иш издедим тападым.

Жаңы чыкан патентиңи алалбай,

ФМС сиңе күндө катап чарчадым.

 

Араң жүрөм иштеп акча табалбай,

Ишсиз жүрөм үйгө акча салалбай.

Эски ошол патентиңде жүрөмүн,

Жаңы чыккан патентиңди алалбай.

 

Анда санда чыгып турат халтура,

Жеп ичкенге азыр акча бар туура.

Москва рекаңа барсам жаныңа,

Көзүмө көрүнөт Оштогу ак буура.

 

Азыртан хозаяин акча талап кылат,

Ай акыры төлөш керек квартплат.

Ишсиз жүрөм иш издеп тапастан,

Аны ойлоп эт жүрөгүм жанчылат.

 

Араң жүрөм иштеп акча табалбай,

Ишсиз жүрөм үйгө акча салалбай.

Эски ошол патентиңде жүрөмүн,

Жаңы чыкан патентиңди алалбай.- деп, тамашалап жазган элем бирок чындыгында ушундай...

Автор Ашуров Кайрат

Ыр, Одноклассники сайтынан алынды:

Булак: NazarNews.kg

Последние новости