www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү журналист Дайырбек Орунбеков уюштурган, 6 жаштагы эң жаш ишкер Эрмекке уюштурган флешмоб өз максатына жетти. Эрмекке көмөк көрсөтөм деп келип, гүлүн сатып алгандар жана акчалай көмөк көрсөткөндөрдүн саны арбыды.

Жыйынтыгында  Эрмекке  117 000 миң сомдон ашуун акчалай жардам түштү. Мындай иш-чараны уюштурган Дайырбек Орунбеков, түшкөн акчаны элдин көзүнчө санап, Эрмектин тайэнесине өткөрүп берди.

“Мен Эрмекти мындан ары өз баламдай карап, окутуп, өз карамагыма аламын. Мына ушул 117 миң сомду Эрмекти тайэнесине тапшырдык. Баарынан да Эрмекке Арафат аттуу ишкерден бир бөлмөлүү батир берилди”, - деди Дайырбек Орунбеков.

Бүгүнкү иш-чараны уюштурган Эрмектин тайэнеси, Дайырбек Орунбековго батасын берип, терең ыраазычылын айтты.

Эске сала кетсек, Эрмек 7 жашта. 2 жыл мурда атасы каза болуп, апасы Москвага иш издеп кеткенине 7 ай болду. Ал акыркы жолу март айында телефон чалып паспортун жоготуп алганын кабарлаган боюнча байланышка чыга элек. Эрмек 1,5 жана 4 жаштагы бөбөктөрү менен тайнесинин колунда турат. Үйдө тайнесинин орулуу апасы дагы бар. Наристелерди жана орулуу апасын караган тайнеси шариктен гүл жасап, аны Эрмек көтөрүп алып сатат. Күнүмдүк кирешесин тамак-аш азыктарына жумшап, оор турмушту башынан кечиришүүдө. Мындай сыноолорго карабай Эрмек үй бүлөсүн майда ишкерчилик менен бакканы элди таасирлентип жатат. Эрмек тууралуу алгачкы маалыматты таратып, ага жардам берип жүргөн жаш активист Дайырбек Орунбеков айтып берди.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости