www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул күндөрү Мамлекеттик кадр кызматында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын Улуттук кадрлар резервине тандоо; өтүп жатаат Мамлекеттик кадр кызматкери улуттук резервге тандоо 4 турдан өтөөрүн билдирди. Учурда улуттук резервге кирүүнү каалагандар 3 турдагы экзамендерди тапшырып, комиссия текшерүүдө. Биринчи тур документтерди тапшыруу болсо, экинчи тур компьютерден өзүнүн тармагы боюнча суроолорго жооп берүү болгон.

Экзамендеги эн кызыктуу жагдайлардын бири БШК мучөсу Кайрат Осмоналиев тандоонун 2-туру компыотердик тестте 34 балл алып кулап калганы болду. Ал юридикалык тармактагы суроолорго жооп берүүдө минималдык 42 баллды да ала алган эмес. Анан да Кайрат Османа-лиев өзү Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, юридика илимдеринин доктору, профессор, КР билим берүүсүнүн отличнигй, КР Юстициясынын отличниги, саясий илим жана укук боюнча Шанхай университетинин штаттан тышкаркы профессору, Кытайдагы Чжен-жан университетинин адъюнкт-профессору, Россиянин табигый илими академиясынын мүчө корреспонденти. Күлкүң гана келет мындайларга...

Булак:"Де-Факто"
 

Последние новости