www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Григорий Распутин

Белгилүү көзү ачыктардын бири Григорий Распутин көптөгөн кырсыктарды алдын-ала айтып берген. Ал чоң төңкөрүштү жана ал төңкөрүштө ак сөөктөрдүн үй-бүлөсү кырылып каларын айтып кеткен. Эскерте кетсек, Г.Распутин өзүнүн кыйналып каза болорун сезип, бир гана ким аны өлтүрөрүн биле алган эмес.

Джуна

Дарыгер, астролог болгон Джуна дагы өзүнүн өлүмүн алдын-ала божомолдогон. Өлүмүнө 2 жыл калганда ал өзүнун курбусуна "Мен жакында өлөм, ал күн жакындап калды" деп айтып берген. Көзү ачыктын жакындары Джунанын сүйүктүү баласы Вахтанг каза тапкандан кийин анын өлүмү өзү айткандан бир аз эртерээк келгенин маалым кылышкан. Бир аз убакыт мурун ал жакындарына "мен балама кезигем" деп даярданып жатканын байкашкан.

Ванга

Болгариялык көзү ачык Ванга өзүнүн өлүмүн эки жолу алдын-ала божомолдоп кеткен. Ал өлүмүнө 6 жыл калгандыгын айтып, ошондой эле каза болоруна аз калган күндөрдүн биринде өлүмүнүн так датасын айта алган. Ошондуктан операция кылуу сунушун четке кагып: "Жараткан кайсыл убакытта мени алып кетишин менден жакшы билет" - деп жооп берген.

Илона

ТНТ телеканалынын көзү ачыктар таймашы программасында финалга чыккан катышуучу Илона Новосёлова өзүнүн өлүмүн алдын ала эч качан айтып божомолдогон эмес. Ага карабастан 2017-жылдын жай айында ал социалдык тармакта #пророчу хэштеги менен сүрөт киргизген. Ошол күндөн баштап ал интернет баракчасын таштап салган. Илонанын күйөрмандары анын өлүмүн ошол өкүнүчтүү күндө көрүп, билген деп эсептешет.

Илья

Ан -148 кырсыгында каза тапкан Уралдык белгилүү көзү ачыктардын бири Илья Ставскийдин жакында-рынын айтуусу боюнча ал өзүнүн өлүмүн алдын ала көргөн. Каза тапканга чейин бир аз убакыт мурун ал өз өлүмүн сыйкырдуу шар аркылуу көргөн. Бирок аны туура чечмелей алган эмес.

Ханзада САБЫРБЕКОВА, студент

Булак: Сырдуу дүйнө

Последние новости