www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абаддыктар жаңыланууну жана жаңы Президентти колдойт! Эки элдик революциянын талаптары жана сабактары: бизге кандай коом керек?  Туруктуу Элдик Кеңеш-ТЭКтин жаштар канатынын жана Жалал-Абаддын жигердүү жаштарынын демилеси менен 2005-жылдын 24-март күнү болуп өткөн биринчи Элдик революциянын 13 жылдыгына карата Жалал –Абад шаарынын борбордук аянтында уюштурулуп жаткан эскерүү жыйынынын талаптары жана ураан –чакырыктары:

1. Жаңылануу- ар бир адамдын өзүнөн башталат!  2. Президент С.Жээнбековдун аймактарды өнүктүрүү, коррупция жана кылмыштуулукту жоюу боюнча демилгесин колдойбуз!  3. Жашасын, Кыргызстандын элинин ынтымак-биримдиги! 4. Эл бийлиги элге! Эл байлыгы элге!  5. Адилеттиктин кепилдиги катары Элдик Курултай орносун!  6. Эл башына таза, билимдүү, адискөй адамдар келсин! 7. Эл, Мекен, Мамлекет-ыйык!  8. Мамлекеттик мүлктү талап-тоноо токтотулсун! 9. Экономикага маани берилип, эл жумуш орундар менен камсыздалсын! 10. Мамлекеттин ички жана сырткы коопсуздук маселелерине терең маани берилсин!  11.Саясий куугунтуктар, сөз эркиндигин чектөө токтотулсун! 12. Келечектин жолу - илим, билим, руханият! 13. Жаштар- биздин келечегибиз! 14. Тазалануу, жаңылануу, биригүү аркылуу өнүгүүгө!  15. Башкаларды ээрчибей бабалардын жолун уланталы!

Мындан 13 жыл илгери 2005-жылы март айында Жалал Абад шаарынын борбордук аянтына чогулган 30 миңдей эл 20 күндөн ашык тикесинен тик туруп коомдогу жаңыланууну, адилеттикти, элдик бийликти талап кылган эле! Ишенич акталбаган соң ушундай эле талаптар менен экинчи жолу 2010- жылы 7-апрелде эл кайрадан көтөрүлгөн. Натыйжа барбы, эмнеге жетиштик, мындан аркы багытыбыз кандай болмокчу? Элдик эскерүү жыйын биринчи элдик революциянын рупору, мотору, деми болгон Жалал-Абад шаарында 2018-жылдын 24-март күнү, саат 11.00 дө башталат. Каалоочулар катышып, эркин көз карашын билдире алышат. Майрамдын урматына чакан концерт уюштурулат.

Жалал-Абад ш. 20.03.18  Уюштуруу тобу

Булак: NazarNews.kg

Последние новости