www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияда өткөн сынактар багын ачкан ырчы Кайрат Примбердиев учурда популярдуу ырчылардын катарын толуктайт. Жакында экс-президент Алмазбек Атамбаев кетип жатып ырчыга КРнын Эмгек сиңирген артисти деген наам берип кетти. Бул аты улук наамга ээ болуп кубанып турган ырчыны маекке чакырдык. Баягы жөнөкөй мүнөзүнөн жазбаган ырчыдан жөнөкөй маек назарыңызда.

- Кайрат, наамың кут болсун! Бул наам баалуу жана жоопкерчиликтүү эмеспи, кандай сезимде турасың?

- Чон рахмат. Бул наамды алганымды биринчилерден болуп чалып сүйүнчүлөгөн Жаныбек Алыкуловдун уулу Манас Алыкулов болду. Бирок аны тамаша кылып атат деп ишенбей күлүп койгом. Анан эле интернеттен карасам чын эле менин наам алганым тууралуу маалымат жүрөт, ошондо ишендим. Андан бир айдай убакыт мурун мага телефон чалышып, кайсы жактарга сынактарга барганымды, эмне сыйлыктарым бар экенин сурашкан. Мурда да Маданият министрлигинен: «Наамга көрсөтүлүп атасыз», - деп бир-эки жолу документтеримди сурашып, бирок ошол боюнча эч нерсе берилбей калган. Андыктан бул жолу да алардан эч кандай наам күткөн эмесмин. Мен үчүн күтүлбөстүк болду. Учурда абдан кубанып, ошол эле учурда жоопкерчилигин сезип атам. Чынында КРнын Эмгек сиңирген артисти деген жогорку наам, анын жоопкерчилигин акташ керек. Буюрса, мындан ары да колдон келишинче кыргыз маданиятын дүйнө жүзүнө таанытууга өз аракетимди кыла берем. Сыйлыгым туулган күнүмө да белек болду. 24-ноябрь туулган күнүм эле, 33 жашымда чыгармачылыктагы эмгегимдин үзүрүн көрүп наамга ээ болдум.

- Акыркы учурда жаштарга берилген наамдарга социалдык тармактарда олтургандар арасында нааразычылыктар көп болуп атат. Сага болгон элдин көз карашын байкап атасыңбы?

- Жашоодо канча адам болсо, ошончо ой болот экен. Биздин өлкөдө сөз эркиндиги бар эмеспи, андыктан каалагандай жазып атышат. Бирок мен анын баарына териккен деле жокмун, сөз айтыла берет. Мен эми ошол сөздөрдү азайтыш үчүнбү, же жок кылыш үчүнбү, иштеп, татыктуу экенимди далилдешим керек.

- Чыгармачыл адамдардын, анын ичинде сенин көңүлүң жумшак эмеспи, көңүлүң ооруган жокпу?

- Мага сын айта беришип наамга чейин эле көндүрүп коюшкан. Кийингенимди, чачымды талкуулап атышып мени бышырып коюшкан. Андыктан терикпейм деле. Ар бир адам өз оюн айтууга укугу бар, аны мыйзам ченемдүү көрүнүш катары кабыл алыш керек.

- Апаң өзгөчө кубанычта болуп аткан чыгар?

- Ооба, апам аябай кубанып атат. Бул жөн эле берилип кала турган наам эмес. Адам ийгиликтин артынан гана ала алат. Ал эми ийгиликке жеткен адамдын колдоочусу болот дегендей. Менин да колдоочуларым бар. Алар апам менен келинчегим. Апамдын ушул жарык дүйнөгө алып келгенине абдан ыраазымын. Менин чыгармачылыгымды колдоп келе жаткан келинчегим Эля. Биз Орусияга сынактарга барганда көптөгөн кыйынчылыктарды көрдүк, ошондо келинчегим мага колдоо көрсөтүп дайыма жанымда болду. 

- Сенин талантыңды элге ачып берген Орусиядагы сынактарга барганыңа кубанасыңбы?

- Чынында абдан кубанычта болом. Ошол сынактарга катышканыма, калыстар тобунун туура баалап, калыс сөздөрүн айтканына ыраазымын. Мен эми мындан ары да талантымды өнүктүрүшүм керек. Орусиялык эки сынакка катышып, экөөндө тең финалга чыктым. Мен үчүн финалга чыгуу деле чоң жетишкендик болду. Ал эми жеңүүчүлөр ар бир өлкөнүн кызыкчылыгына жараша болуп кетет экен да. Аны сыйлык тапшыруу учурунда президентибиз деле: «Кайрат татыктуу болчу, калыстар тобу өзүлөрүнүкүнө тартып салды», - деп өз оюн айтты. Мага баа бергенине ыраазы болдум.

- Эми кайсы сынактарга барууну пландап атасың?

- Сынактарга бир барып алсаң спортсмендер сыяктуу улам барып күч сынашкың келе берет экен. Бирок сынакка баруу үчүн да каражат керек болот, чыгымдары бар. Андыктан быйыл иштеп алайын деп атам. Учурда элибиз Кудайга шүгүр, той-топурларына байма-бай чакырып атышат. Ушундай убактан пайдаланып иштеп, үй-бүлөмдү үйлүү кылышым керек. Эркек кишиде там салуу деген милдет бар, ошол милдетимди аткаруу үчүн азыр жеке жашоомо көбүрөөк көңүл буруп атам. Баарын жайына коюп алсам, кийинки жылдардан баштап сынактарга барам го.

- Келинчегиңди да ырдап чыгат дегендей уктук эле, жакынкы күндөрдө күтсөк болобу?

- Аны ойлонуп атабыз. Азыр Эля экөөбүздүн экинчи балабызды пландаштырсакпы деп турган учурубуз. Андыктан келинчегим балалуу болсокпу же чыгармачылыкка киришсемби деген эки анжы ойдо турат. Бирок эмнеси болсо да, буюрса, келечекте сөзсүз ырдап чыгат.

- Келинчегиң сенин менеджериң эмеспи, бул нерсе ыңгайлуу болсо керек ээ?

- Албетте. Мисалы башка менеджерге биринчи кезекте айлык төлөш керек дегендей. Азыр мен канча каражат тапсам баары үйгө келет. Экөөлөп үйгө ташыйбыз дегендей. Анан да башка менеджер менен иштешсем телефон чалышып, жолугушуп жүрүү да жумуш. Биз болсо үйдөн чогуу чыгып кетип, кайра чогуу келебиз, бардык жагынан ыңгайлуу жана оң жактары көп.  

- Мурда кафе-ресторандарда ырдачу элең, азырчы?

- Кафе-ресторанда иштеш ырдаш үчүн ал жакка байланып каласың. Мен азыр эркинмин, тойлордо ырдап эле жан багып атам. Кудайым канча жылдан берки эмгегимдин жемишин эми берип атат.

- Сынактар аркылуу элге жандуу үн менен ырдай аларыңды далилдегенсиң, учурда концерттерденби же тойлордонбу жандуу ырдайсыңбы же фонограмма мененби?

- Мен 90 пайыз жандуу үн менен ырдайм. Болгону телеге тартылуу үчүн съёмкалар болот. Ошол учурларда алардын талабы менен фонограмма колдонууга туура келет. Болбосо той, концерттерден элдер жандуу гана үнүмдү угушат.

- Музыкалык билим алып жаттың эле бүттүңбү?

- Азыркы учурда Улуттук консерваторияда 5-курста сырттан окуйм. Көптөн бери бошобой окуума да бара элекмин.

- Ырдагандан башка да кайсы бир кесипти алып кетүүнү ойлоносуңбу?

- Мен аранжировка да жасайм. Учурда убактым гана жок болуп атат. Болбосо өзүм ырдап жүргөн «Сен деги кандай немесиң?», «Поезддеги махабат», «Бийле, бийле» деген ырларымдын аранжировкасы өзүмө таандык. Эми тойлордун сезону бүтүп, кышында бош болуп калам, ошондо аранжировка менен алек болом деп турам. Аранжировка жасоо азыр каражат тапчу булак десе да болот. 

Динара Чокоева

Булак: "lady.kg"

Последние новости