www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фейсбук колдонуучусу Dastan Lenarov өзүнүн билдирүүсүн төмөнкүчө калтырган.

Саламатсыздарбы урматту калайык-калк ! Кудайым маңдайга жазган экен Нарын облустук больницасында жатып калдым.

Биринчиден Облустук больницада пациенттердин кийимин илгидей атайын гардеробтор жок экен. Кийимдерди бир бөлмөгө баарынын кийимдерин алып кирип ыргытып коюшат экен

Экинчиден болсо врачтан мурун санитарка жана медайымдардын дымагынын күчтүүлүгүн айт айланайын эми сөз жок.( баары болбосо да арасында бар экен 10/1 адамгерчиликтүүлөрү) Пациенттерге кылган орой мамилесинен улам, пациенттер айыкпай эле кайра оорулуу болчудай.

Үчүнчүдөн режим деп жакшы эле жазып коюшуптур ар бир бурчка. Бирок тилеке каршы жазылган режимдердин бири да сакталганын байкай алган жокмун.

Пациентерге атайын белгиленген убакытта дарыларын сайуу деген жок экен ой-келди кылып каалаган учурда сайышат.

Менини билишимче оорукчан адамдар тамака өтө маани берип режим кармаш керек эле. Бирок тамактануу деле ар ким каалаган маалында каалаган тамагын жейт экен. 30 адамга бир умывальник. Бул облустук травматология бөлүмү. Бул көрүнүш Нарын облустук больницасында болуп жатса, райондук больницалардын абалы кандай деген суроо туулат. 

Бийлик өкүлдөрү четте калбай мындай жоруктарга көңүл бөлүп маани беришиңизерди өтүнөм деп калтырган билдирүүсүн.

Төмөндөгү сүрөттөрдөн кандай абалды сүрөттөп бергенин көрүп алсаңыздар болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости