www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаевага
Колунда кызматы, чөнтөгүндө акчасы бар эркектерди алдап, элдин башын айландырган Айгүл
Редакция жамаатына
Сиздердин атына заты жарашкан гезитиңиздерди жалпы эл-журт кызыгып, сыйлап окуган окурмандардын катарында мен дагы биринчилерден болуп турган адаммын. “Майдан” гезитинин № 01 (338) сандуу 2018-жылдын 17-январында жарыкка чыккан “4 жыл бою үзгүлтүксүз мени басмырлап, басынтып, каралап, куугунтуктап, уруп-сабап келатат, чындык барбы?” - деп бечарадай болуп жазган Нарын облусуна ак жорго бээдей таанымал, бетине беш кило крем сүйкөнгөн, сүттөй ак, атактуу 50 жашка караган кызга бергис катын Жумаканова Айгүлдүн жазганын толук окуп чыктым. 2014-жылдын 11-ноябрынан бери Айгүл Жумаканова менен эмес, ага жардамдашкан, аны коргогон, аны менен ойноп-күлгөн эркек сөрөйлөрү менен күрөшүп келе жаткан Ж. Тургуналиев менен жолуктум. Атайын журналисттик иликтөө жасап, ал кишинин колундагы кашкайган кабат-кабат мөөр басылган далилдерди көрүп, оозум Ошту карап калды. Себеби, гезиттеги жазылгандардын бардыгы карандай калп жана чындыкка дал келбегендигин өз көзүм менен көрүп, окуп чыктым. Айгүлдүн бул жазгандары бир жерге гана жарактуу кагаз десем болот. Бул жазган мамлекеттик кызматта иштеген аялдын деңгээли эмес. Бул башка жерде отурган катындын жоругу. Мына Айгүл Жумаканованын анык жүзү!
Ошондуктан, сиздерден суранарым Айгүлдүн даңазалуу окуяларын жалпы эл-журтка, айрыкча Жогорку Сот, Башкы прокуратура, ИИМге жана башка жетекчилерге гезит бетине маалымат иретинде ачык билдирип койсоңуздар туура болот. Себеби, мындай деңгээли жок катындар иштеген жеринде (интрига) ызы-чуудан башка эч жакшылык алып келбейт. Аял экен деп эле колдой бериш туура эмес деп ойлойм. Азыркы заманда айбандан өтүп, тилинен заар чачып, ажыдаарга айланган, кубулуп турган аялдар-катындар толтура. Эл арасында мындайлар жок деп танууга болбойт. Далай эр-азаматтарыбызды жасалма сулуулугу менен кооз сүйлөп, сызга отургузуп, канын соргон сулууларыбыз күн сайын көбөйүп жатат. Ошолордун эң биринчи катарында турган Айгүл Жумаканованы ана башчы десек болот. Ошондуктан күнөөсү бар үчүн бири-биринин башын кесип, колу-бутун жиликтеп өлтүрүлгөн аялдар толтура болуп жатат. Бул айкын чындык!
Укугу тебеленген, акыйкат издеген, жалпы эл үчүн иштеген ишиңиздерге ийгилик каалайм.
Автор
“Майдан” гезитинин №01(338) сандуу 2018-жылдын 17-январында жарыяланган “4 жыл бою үзгүлтүксүз мени басмырлап, басынтып, каралап, куугунтуктап, уруп-сабап келатат, чындык барбы?”-деген макаланы уят-сыйытты биротоло жыйнаштырып, ойдо жок калпты, базарда арак ичип олтурган катындын образына түшүп, Жумаканова Айгүл өзүнүн атынан арыз жазган. Жазганын окуган адам “Башы ордунда эмес катындын жазганы экен” деп түшүнөт деп ойлойм.
Эми базардагы катындын сөзү менен айтканда: “ Жумаканова Айгүлдүн бети бет эмей эле, башка жагы менен окшош болуп калыптыр”. “Нарындыктардын: Жүргөн жери ызы-чуу”- деп чыгарган ырындай, Айгүл соо болбой калган өңдөнөт дегенди чечмелеп көрөлү:
1. Кочкорлук Батырбек дегенди кулдай кылып пайдаланып, мактап жүрүп, далыга таптап аны жутуп тынды.
2. Ошол учурдагы Нарын облусунун губернатору болуп иштеген Жыргалбек Азыловго жанашып ал дагы, өзү дагы, жумуштан куулганы анык болду.
3. Нарындагы Кызыл Жарым Ай коомунун башчылыгына, Букаров Батырбек аркылуу орношуп, аны Бишкектеги башчысы Роза Шаяхметова кабыл алып, аягында Нарында “бомба” жарылгандай болуп кызматынан бошотулганын уккан элек.
4. Ошондон кийин 2012-жылы июль айында Бишкекке оор абалда көчүп келип, Мелис Турганбаевди бир тууган байкем деп, УВДга барып куттуктап, алдына түшүп мактап, мамиле кылып баштаган. Ал байкеси жакшы эле Кыргызстан боюнча өзүн пияр жасап, Ошто керней-сурнай тартып президенттей кылып тосуп алган адамы, 2016 жылдын 30- майында аркасынан бычак ургандай болуп кызматынан кулап түштү.
5. Эми азыркы иштеген жерине 2014-жылдын 10-январында орношуп келип, “миң бир түндө кайф болуп” жатканда Ж. Тургуналиевге ал жердин директору Төлө Байдалиевич Исаков жөнүндө шалдыраган адам экен деген, барса-келбес сөздөрдү айтып бергени эсинен чыгып, “Жапаркул байкени даана эркек экенсиң, эң мыкты эр таап алганыма ыраазымын” дегенин унутуп, доктор Исаков деп мактап, андан ары аласалдыга жакындатып бара жатканын сезип жатабыз (бул жөнүндө Төлөгө 2014- жылы 11-ноябрь саат 18:00 до өзүнө да айтылган экен).
6. Сиңдиси Аида Жумакановага да таасири тийген. Ал эр жетип калган 3 баласын көзүнө илбей, кычыраган 40 жаштагы, жогорку билимдүү эри Мусаев Рахатбекти чанып, 60 жашка караган Ат-Башылык Айтбаев Токтобек Алиевич менен жашап жатканында кандайдыр бүдөмүк сыр бар деп ойлойм.
7. Иниси Мустафа дегенге Тойота автомашинасын, сатып берип, торговый точкасына толгон-токой буюмдарды толтуруп, анысы көп убакыт өтпөй түп орду менен өрттөнүп кеткени чындык экен.
Муну маалымдаганыбыздын себеби, Жумаканова Айгүлгө бүткүл жер шарындагы адамдардан чогултулган кайыр-садагадан (пожертвованиядан) түшкөн акчалардын жугумдугу жок, зыяндуулугу менен кошо дубасы бар экен десек болот. Ушул окуялардан кийин Айгүл Жумаканова менен мамиле кылгандарды капыстан шор басып кала турганын, Урматтуу доктор Төлө Байдалиевич Исаковго да эскертип коюну чечтик!
Ызы-чуулуу Айка
Мына сага Женева, Найроби, Гаага,
Алардан тынымсыз келген каргыш акча.
Бардыгын сугунуп алган экен Нарындык,
Кара суур Жумаканова Айгүл Бейшебаевна
Капыстан Айгүлгө жанашкандар жардан кулайт,
Жакпаса андан ары көз жуумп, көргө кулайт,
Көп баскан аягы чок басты окшойт,
Былыгы шишип жарылган окшойт.
Убал-сооп уруп токтоно албай,
Нарындан качып кеткен окшойт.
Жанын жеп, жалган жазган экен,
Эр буйрубай талаада калган экен.
Момундарды каралап жатканына,
Куранда айтылгандай мындайларга,
Турбас кылып, өлүм берген экен.
Бул жүргөн жери ызы-чуу Айгүл экен-
деген ырда чындык бар экен деген ойго келет экенсиң.
Бардык окурмандарга, укук коргоо органдарында иштегендер үчүн, атайын журналисттик изилдөө жасап, ак-карасын аныктап чыктык.
Макаладагы каарман Ж. Тургуналиев бул акмак, тажаал, бетпак, аялдык касиети жок катынга бекер жерден күнөө койбосо керек. Биз уккандан ири өлчөмдөгү карызга алган акчасын бербей жатса, балдарына үйүн өрттөтүп жатса, жалган доо арыз жазып жатса, эмне кылыш керек? Же дөңгөчтөй болуп жата бериш керекпи? Жок жерден кылмыш иш козгогондой укук коргоо органдарынын баштары экөө эмес. Чынбы?
Сураштырып жолуксам: Уугу узун, беш уул, 12 эркек неберелүү, пайгамбар жашынан өтүп, ордо шаарлуу, бала-чакалуу даражага жеткен, ар кандай кызматтарда иштеп, бир топ жылдан бери карышкырлардын изинин артынан түшкөн адам экен. “Султан сөөгүн кор кылбайт”- деген мааниси өтө терең макал бар. Ал эми сенин Ай-Гүл деген ачылган гүлдөрүң соолуп, дооруң урап баратканын билесиңби? Ишенген адамдарыңдын алды бул дүйнөдөн өтүп кетти. Аягы кызматтарынан бошоп шалдырап, карып баратат. Сенин каралап жазгандарың Жапаркул байкенин балдарынын жүрөгүндө жазылып калат. Айта кетчү сөз: Жумаканова Айгүл 2012-жылдын 8-августунда саат 15.00 до таанышар замат, жалдырап, кеткиси келбей, өзү макул болуп, саунага барып сайылып калган экен. Муну кантип танат? (Далил сүрөттөр бар)
Ал эми түбөлүк күйөө буйрубаган Айгүл, 2012-жылдын июль айынан бери Нарындан оор абалда көчүп келип, көчүгүндө дамбалы жок, таанышкан жерибиз сойкулар турган жер болчу. Каратып туруп, уялбай жумуш аркылуу таанышканбыз дейт. Мен тирүүмүн. Далил сүрөттөр бар. Муну кантип танат? Ошондон бери Бишкек шаарында жашайт деди. Газетада айтылгандай даңазалуу аялдын жамандыгы калбаса, ээн баш эркектер кызыга турган, жаштыгы калбаган, 50 жашка караган Жумаканова Айгүл жөнүндө жаза берсек кагаз түтпөйт. Бул аялдын ооруларды алдын алуу жана сан.эпид көзөмөл департаментинде Төлө Байдалиевич Исаковдун башын айлантып иштегенине 4 жыл болуптур. Эми Айгүлдүн таржымалын, тарыхын ток этерин билген адамдардын тийиштүү органдарга кайрылуусун билгизип коюну туура көрдүк:
1. 1995–2002-жылдардын аралыгында Нарын ОблГАИсинин мурунку башчысы милициянын подполковниги маркум Букаров Батырбекти аябай пайдаланып, балдарынын ырыскысын жеп, 2002-жылдын 2-сентябрында биротоло канын соргон. Айгүлдүн Нарындагы квартирасынан өлгөнүн 270 миң калкы бар Нарын элинин бала-чакасы эле эмес, итине чейин билгенин кантип танат деп, 6 баласы менен жесир калган 70 жаштагы Шайгүл апанын кайрылганына көнүл бурсак 2015-жылдын 13-мартындагы “Алиби” жана “Фабула” гезиттеринин № 14- беттеринде Башкы прокурор И. Жолдубаевага кайрылган “Жыргаган Айгүл, сыздаган Шайгүл, ачуу чындык ачыка чыкты” аттуу ачык каттарды, ушул эле жылдын 16-мартында Жогорку Сотко жана Башкы прокуратурага өткөргөн болчумун. Ал жерде катталган аты-жөнүм бар. Гезиттерге жазылгандар толугу менен чындык. Үй-бүлөлүк карамагыбызда 100 баштан ашык жылкыларыбыз бар эле. Бир заматта союлуп да, тирүүлөй сатылып жок болуп кеткенине бүгүнкү күнгө чейин ичим ачышып, 100 миң доллар алган экен деп жазып койгонумду мойнума алам. Кийинчерээк уксам, ал жылкылардын бардыгы Айгүл үчүн чыгым болгон экен. Ал эми менин жазган ачык катымда Ж. Тургуналиевдин эч кандай күнөөсү жок. Эл алдында, кудайдын алдында калп айткым келбейт. Болгону 2-мартта менин айткандарымды толугу менен компьютерге жазып дайындап, колума берген. 70 жашка карап, 6 балалуу неберелүү болуп, намаз окуп, калп айткым келбеди. Сиздин наамыңызга арызды Жумаканова Айгүл жазып, Ж. Тургуналиевди аябай каралап, жалган нерселерди оюнан чыгарып жатканына мен дагы, жактоочу өкүлүм Жумабек Исмаилов дагы маани бербей, жолдошумду мактап жазганына ыраазы болуп, уулум Максатты СОБРдан ГАИге котортуп берем дегенине ишенип, толук окубай эле кол коюптурбуз. Арызды гезиттен окуп туура эмес жазылып кеткендиги үчүн, Ж. Тургуналиевден дагы кечирим сурайбыз! Менин жолдошум Букаров Батырбек менен Айгүлдүн көңүлдөш болуп жашап жүргөнүн жана Батырбектин 2002-жылдын 2-сентябрында кечки саат 17 чамасында Айгүлдүн городоктогу квартирасынан өлгөнүн, Нарын эли бала-чакасы менен билип, кудай да көрүп турат. Аны Айгүл кантип танат, тана албайт! 6 жыл бою жолдошум Батырбектин бардык жакшылыктарын соруп пайдаланган. Мен жазган ачык катымда айтылган сырларга чычалап, канчалык жан далбастап, калп айткандары эртеби-кечпи ачыкка чыкты. Батырбек менен кошо жүрүп, бала-чакамдын ырыскысын жеп жүрүп, кокус Батырбектин балдарына бирөөлөр аркылуу кыянаттык кылса кудайдан көрөт! Ал үчүн Айгүл бул дүйнөдө эле эмес, тиги дүйнөдө да жооп берет деп ойлойм! Бул жерде Ж. Тургуналиевдин күнөөсү жок жана ага эч кандай арыз-дооматыбыз жок экенин билдиребиз.
Ал эми мен Жумабек Исмаилов 35 жылдык тажрыйбалуу адис жана эркин жактоочу калыс адам катары айтарым: Ошол жылдары 1980–2002-жылга чейин мен Нарын облусунда сот болуп иштедим эле. Бул Жумаканова Айгүл менен Батырбектин көңүлдөш болуп жүргөнүнүн сырларынын бардыгын билем. Себеби экөөбүз тең Кочкордонбуз. Айгүлдүн жакшы жактарын эч уккан эмесмин. Анын Батырбекти бузуп жүргөнүн туура эмес көрчүмүн. Себеби, атасы Карагул менен тең киши болчу. Ал эми Бейшебайды (Карагул) Нарын боюнча кандай киши экенин жана анын терс жактарын абдан жакшы билчүмүн. Мындан тышкары Ж. Тургуналиевдин Жумаканова Айгүлгө карата козголгон 55–15–806 жана 2–15–883 сандуу кылмыш иштеринде А. Жумаканованын толук күнөөсү бар экенин билип, жоопко тартылууга тийиш деп эсептейм. Ал эми Тургуналиевге карата жазган доо арызы карандай калп жөн эле бет тырмалык. (Арыз ээлери: Букарова Ш., Исмаилов Ж.).
Биринчи май райондук соту Жаныбек кызы Венерага, азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Президенттик аппараттын Архивинин башкы адиси Азылова Алымкан Жекшенбековнанын кайрылуусунан:
Жумаканова Айгүлдү сыртынан абдан жакшы билем. Анткени биз Нарында 6 жыл жашаганбыз. Бул аялдын жүрүш-турушу, кылык-жоругу Нарын элине эле эмес, Кыргыз элине бештен белгилүү. Колунда кызматы, чөнтөгүндө акчасы бар эркектерге ач кенедей жабышып, үй-бүлөсүнөн бузуп, аябай пайдаланып, кереги тийбей калганда өлтүруп койгонго чейин барат экен. Буга мисал: Областной ГАИнин начальниги болуп иштеген Букаров Батырбек менен ойнош болуп, көп балалуу үй-бүлөнү бузган. Батырбек белгисиз себептер менен каза болуп, Айгүлдүн квартирасынан 2002-жылы 2- сентябрда өлүгү чыккан.
Андан кийин 2002–2004-жылдары губернатордун орун басары, 2004–2007-жылдары губернатор болуп иштеген жолдошум Азылов Жыргалбек Кумаровичти кылтагына илип, аны дагы аябай пайдаланып, кызматка орношуп, арыдан-бери мамлекеттик сыйлыктарды алганга жетишиптир. “Кайсы сиңирген эмгеги үчүн”? Өзү жана өзүнө окшогон подружкалары менен менин үй-бүлөлүк тынч жашоомду бузуп, ажырашуубузга себепкер болгон. Муну Нарын эли бүт билет. Биз эле эмес, башка дагы далай үй-бүлөлөрдү бузган. Мунун тарыхын айта берсе түгөнбөйт. Өлкөбүздөгү мамлекеттик кызматтарга иштөөгө моралдык укугу жок. Азыркы күндө дагы эле жеңил акча табуунун аракетин кылып, Тургуналиев Жапаркулдан карызга алган акчасын бербөөнүн айласын кылып, сотко берип акча доолап жатканы жозунсуз жорук. Сизге кайрылып жатканым, бул аялдын өзүн жоопко тартып, берилген сыйлыктарын артка кайтартып, өзүн доого жыгып, каралып жаткан ишти адилеттүү чечип берүүңүздү суранам. (Азылова А. Ж. 24.02.2017-ж.) Муну кантип танат?
Булак: "Ачык сөз"