www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көчмөндөр оюнуна жаштар талап кылынат

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун уюштуруу иштерине аймактардагы жаштар ыктыярчы катары катышса болот. Бул тууралуу III дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү жана уюштуруу катчылыгынын ыктыярчылар боюнча координатору Таалайбек Бердиев билдирди.

Жашы 18ден жогору, эмгекчил, жоопкерчиликтүү, шамдагайлык, лидерлик сапаттарга ээ, ыктыярчылык тажрыйбасы болсо, кошумча балл берилет жана эң негизгиси англис тилин билген жаштар III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ыктыярчысы боло алышат. Алар келген конокторду коштоп жүрүшөт жана жалпы уюштуруу иштерине жардам беришет.

Маалыматка ылайык, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүү жана уюштуруу боюнча Катчылыгы 12-февралдан баштап ыктыярчыларды кабыл алууга расмий түрдө старт берди. Кабыл алуу 2 этаптан турат: 1) Катталуу 12-февралдан 12- мартка чейин; 2) Баарлашуу 19-марттан 29-мартка чейин жүрөт. Алгач www.worldnomadgames.com расмий сайты аркылуу катталуу керек. Эгерде сайттан биринчи этаптан өтсө, экинчи этапта аймактарга уюштуруучулар өздөрү чалып онлайн баарлашуу өткөрүшөт.

Кошумчалай кетсек, уюштуруу тобу атайын аймактардагыу жаштарга маалымат жеткирүү үчүн аймактагы жогорку окуу жайларын кыдырып чыгышкан. Андыктан областтардагы жаштар өздөрү окуган ЖОЖ аркылуу да байланышса болот. Мисалы, Жалал-Абад мамлекеттик университетинде ыктыярчыларды топтоо иштери Жаштар комитетине жүктөлгөн. Дүйнөлүк масштабдагы иш-чара болгондуктан, англис тилин билүү эң негизги шарт экенин кошумчалайт уюштуруучулар. Жалпысынан 630 ыктыярчы кабыл алынат.

Ыткыярчылар транспорт чыгымдары, тамак-аш, жатакана менен камсыздалат. Ошондой эле, аягында мамлекет тараптан ыраазычылык кат, сертификаттар берилет.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости