www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Билим Берүү жана Илим министри  Г. Кудайбердиевга

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургундарынан

А Ч Ы К   К А Т

Урматтуу министр айым!

Учурда Өлкөбүздө бир топ саясий өзгөрүүлөр болуп, Өлкө башчысы шайланып, мындан аркы өнүгүүнүн стратегиялык багыттары аныкталууда.  Жаңыдан шайлаган легитимдүү президентибиз Сооронбай Жээнбеков коопсуздук кеңешмесинде, Өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөндө, аймактардагы коомчулук менен жолугушуудагы сүйлөгөн сөзүндө алдыдагы аткарыла турган өз пландарын ачык-айкын белгилеп, өзгөчө «коррупция, мыйзам бузууларга каршы катуу чара көрүлө тургандыгын» -айтты. Бул жалпы карапайым элдин көптөн бери күткөн үмүтү болгондуктан колдоого алынып, жаңы тилектер жаралууда.

Урматтуу министр айым!

Биздин сизге айталы дегенибиз, президенттин жана Өкмөттүн булл саясаты Аксы районунда канчалык деңгээлде ишке ашууда сөз ошол жөнүндө болмокчу.  Аксы РБББнүн башчысы болуп, 2015-жылдын 14-октябрынан бери Зыябекова Угулай Медетбековна иштейт. Ал өзү иштеген учурда кандай «ийгиликтерди»  жаратканын билбейбиз бирок, бир оп финансылык мыйзам бузууларды жасап жаткандыгы боюнча атайын мамлекеттик органдар тарабынан фактылар аныкталып жаткандыгы чындык.

Мисалы: МУКК нын Жалал-Абад облусу боюнча ТБ нүн ОМИ боюнча юстициянын подполковниги Зулпиев Н. тарабынан 172-17-99 сандуу кылмыш иши боюнча атайын мамлекеттик органдар тарабынан фактылар аныкталып жаткандыгы чындык. Токтомдо: Кылмыш иши боюнча Зыябекова Угулайга КР. КЖКнын 304-беренсинин 2-бөлүмү, 306-берененин 1-бөлүмү боюнча айыбы угузулган. Угулай Зыябекова 1-4-класстарга берилүүчү шашке чай үчүн тендер өткөрүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке кызыкчылыгын көздөп, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтиргендиги аныкталган. Же коррупциялык схеманы жетектеп, 1-4-класстарга наристелердин «ырыскысын талашкан» деген корутунду чыгарылган. Тообо, «тендерди бурмалап, жол курууда, имарат тургузууда  мамлекеттин акчасын жеп коюптур» деп укчу элек, ал эми, «балдардын токочун алып коюптур»-деген башка жерде болбосо керек.

Учурда кылмыш иштери боюнча иш сотко өткөрүлүп «ар түрдүү» себептер менен сот ишин артка жылдырып келе жатат. Биздин укканыбызга караганда Угулай Зыябекова 2018-жылдын 2-апрелинде кылмыш иш козголгондугуна байланыштуу убактылуу кызматтан четтетилгенине карабастан, дагы деле күнүгө 1 жолу кабинетине барып, өзүзүн «саясатын жүргүзүп жаткан имиш» булл эмне мыйзамга же этикага тура келеби?! Сот системасынан Эл адилеттүүлүктү суранат. Биз дагы Аксы районунун Сотунун судьясы Батыралиев Кайрат Абдуллаеввичтен калыс чечимди күтөбүз. Андай болбой «Калбаны аким жеп, таякты жетим жесе» -анда Сот бийлигине болгон Элдин ишеними жок болот да президенттин саясатына каршы чыккандык болот деген ойдобуз.

Негизинен биз, Зыябекова Угулай Медетбековнанын кылмыш иши боюнча «күнөөлүү» же «үнөөлүү эмес» деп айта албайбыз, аны тиешелүү Сот гана аныктай алат. Бирок, ушундай кырдаалда Зыябекова Угулай Медетбековна Аксы РБББ нүн башчысы болуп «сакталып турууга» моралдык «укугу барбы?» деген суроо пайда болт!

Жогоруда айтылган суроолорго сиздерден жооп күтөбүз урматтуу министр айым  жана Сот органдары!

Терең урматтоо менен,

  1. Кара-Суу айылдык кеңешинин депутаты Керимкулов Тилеген.
  2. Кара--Жыгач айылдык кеңешинин депутаты Ызаканов Мамбеталы
  3. Кара-Жыгач  айылдык кеңешинин депутаты Турдубаев Мурат
  4. Жаңы-Жол  айылдык кеңешинин депутаты Анарбаева 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости