www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индиядагы кум борошосу

Индиянын Уттар Прадеш аймагында таасирдүү болгон кум жана жамгыр борошосунда дагы 11 киши каза болду.

Өткөн жумада өлкөнүн түндүгүн таасири астына алган жана эң аз 125 кишинин каза болушуна себеп болгон кум борошосу кечээ да Уттар Прадеште 11 кишинин каза болушуна себеп болду.

Индия басма сөзү болсо каза болгон киши санын 12 деп билдирди.

Аймак өкмөтүнөн Avanish Awasthi ылдамдыгы саатына 100 километрге жеткен борошодо дарактар менен  электр столбаларынын, кирпичтен курулган ондогон  үйдүн кулагандыгын белгиледи.

Awasthi облустун  Етавах аймагында 4, Матхура аймагында 3 жана Агра, Алигарх, Канпур менен Фирозабад аймактарында бирден киши каза болгон кум борошосунда 25 кишинин да жаралангандыгын билдирди.

Башка бир облустук өкмөттүн жетекчиси Н.Н. Сривастава да борошолордун эгиндери менен малдарын жоготкон 100 миллиондон ашуун кишинин турмушуна тескери таасирин тийгизгендигин айтты.

Сривастава көптөгөн аймакта берилген борошо эскертүүсүнөн кийин билим берүүнүн токтогондугун билдирди.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости