www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 10-майда Жогорку Кеңеште Бишкектин Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) кырсыктын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкууланып жатат. Жыйынга мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Темир Сариев, Жантөрө Сатыбалдиев жана депутаттык комиссиянын корутундусунда аты аталган жетекчилер катышууда.

ЖК депутат Жанар Акаев, депуттарды “7-кабаттан телефон чалуу болбой эркиндикке чыгышыңар менен куттуктаймын. Мурунку бийликтин учурунда эч ким чындыкты айта алган эмес. Кандай буюртма болсо ошону аткарып олтургасыңар. Эми бугун баарыңар баатыр болуп, чындыкты сүйлөмүш болосуңар. Буга чейин чындыкты саналауу  гана 4-5 киши сүйлөгөнбүз. Бүгүн карасак, баарыңар кеткен бийликке баатыр болуп, чындык сүйлөмүш болосуңар. Менде суроо жок. Болгону өткөн кемчилигиңерден сабак алып, абийриңер менен болсоңор”, деп кесиптештерин Жанар Акаев абийирге чакырды.

“Эң өкүнгөнүм кошуна казактар өндүрүштү, өзбектер текстилди, биз күлүп жүргөн  экономикасы артта Тажикстан  “коопсуз шаарды” трибунада мактанбай эле ишке ашырды.  Биз уялсак болот, карыз алган акчадан “уурулук” кылып олтурган өкмөт башчыларына, ушуга тийиштүү адамдардын коомунда жашаганыма”, деп кошумчалады Жанар мырза.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости