www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Калысбек, калыстыктан тайды

Урматтуу Ардакбек Каныбеков,

Эгерде сиз чындыгында эле журналист катары ветеринария тармагындагы чиеленишкен маселелерди чечүүгө бел байлаган болсоңуз, биз сизге терең ыраазыбыз, Аллах ыраазы болсун.

Сиз туура белгилегендей Калысбек Жумаканов кандай кырдаал жаралбасын суудан кургак чыгып кетүүнү абдан жакшы өздөштүрдү, элдин кызыкчылыгынан да өзүнүн жеке керт башынын кызыкчылыгын жогору көрөт. Мыйзам дегенди карап да койбойт. Мунун баары биздин сезишибизче, Өкмөттүн аппаратында ветеринария тармагын учур талабында жакшы түшүнгөн адистердин жоктугу, Жумакановту эрке талтаң кылып койду окшойт, кимдин башына болбосун каалагандай чай кайнатып жатат.

Биз бир маселеге токтолууну туура көрүп жатабыз, Жумакановко кайрылып жарытылуу жооп ала албадык, мүмкүн сиздер тийиштүү мамлекеттик органдарга кайрылып бизге жардам берээрсиздер деген үмүттөбүз.

Мына 3 жылдын жүзү болуп олтурат Жумакановдун малдын саламаттыгын жана малдан алынуучу чийки азыктардын коопсуздугун тастыктоочу справканы толтурууну  жеке ветеринардык адистерге бергенине. Бул справкалар форма 1а (тирүү малга жазылат), форма 2а (малдан алынган азыктарга) жана форма 3а (тоют, тоют кошулмаларына ж.б) деп аталат.

Биз жакында билсек, аталган справкалардын формалары жана аларды толтуруунун тартиби жөнүндөгү Жобо, ушул күнгө чейин Өкмөт тарабынан бекитилбеген экен. Жумаканов өзүм билемдик менен 3 жылдан бери бюджеттик каражатка аталган справкалардын формаларын басып чыгарып жеке ветеринарларга таркатуу менен бул маселени өзүнүн бизнесине айландырып алыптыр, ал эми мамлекетке миллиондогон сом зыян келүүдө. Бул кылмыш деп эсептейбиз. Биз үчүн Жумакановтун кызматта калышы же кетиши принципиалдуу деле маселе эмес, жеке ветеринардык врачтарды өзүнүн кол баласындай көрбөшү керек.

Экинчи маселе, мамлекеттик бюджеттен жылына 130 млн. сом жугуштуу ылаңдар менен күрөшүүгө бөлүнүп, ага вакциналар сатылып алынат. Бул жерде да чоң коррупциялык механизм бар. Жумаканов болгону ошол акчага вакцина сатып алууга гана кызыктар (тендер өткөрүүгө), ал эми ал вакциналар малдарга жетеби, жетпейби аны такыр кызыктырбайт. Себеби, карап көргүлө, өзүңүздөр деле кызыгын журналисттик изилдөө жүргүзсөңүздөр деле болот, Кутурма ылаңына сатылып алынган вакцинанын бир флаконунда 200 доза болот, вакцина ачылган соң 2 саатан кийин жараксыз абалга келет, эми ошол 2 саатын ичинде ветеринар 1 итке 20 минута убакыт коротсо (бир эле мезгилде паразиттерге каршы дары берет, иттин паспортун толтурат, иттин ээсине кеңеш берет ж.б ж.б)  2 саатта ашып кетсе 6-8 итти вакцинациядан өткөрөт. Калган вакцина эмне болот, жерге төгүлөт, бирок сайылды деп акт түзүлөт, Ящур ылаңы боюнча да ушундай эле көрүнүш, бир флакондо 100 доза болсо 2 саата көп болсо 30 баш малды тейлөөгө болот. Эмне үчүн жыл сайын мал вакцина менен 100% камсыз болсо да ылаң чыгып жатат, себеби вакцина толук сайылбайт! 100% каржы бөлүнгөнү менен 20% мал эмделет, бул деген 0% натыйжалуулук дегенди түшүндүрөт.

Урматтуу журналист, эгерде биздин бул билдирүүбүз жарык көрүп, сиздер тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынса биз башка маалыматтарды да жазууга даярбыз, биз үчүн Жумакановтун жеке колкосунан элдин саламаттыгы биринчи орунда турат.

Кийинки билдирүүбүз Жумакановтун “Эшек бизнесине” байланыштуу болмокчу.

Сиздерди урматтоо менен, Жеке ветеринардык врачтардын ассоциациясынын мүчөлөрү.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости