www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековко,

Кыргыз республикасынын премьер министри Мухамметкалый Абылгазиевке,

Кыргыз Республикасынын башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовко,

КАЙРЫЛУУ

Кызыл-Кыя шаары 14 микрорайон 56 –үй, тел:0771 11 87 53 ,

Мен, Нурбаев Гапыр сиздерге кайрылуумдун себеби: Баткен облусунда Кызыл-Кыя шаарында мыйзамсыз иштер боюнча баяндап өтөйүн. Кызмат абалынын кыянаттык менен пайдаланган өз кызыкчылыгы үчүн Кызыл-Кыя шаарынын мурдакы жер комитети болуп, биринчи вице-мэри болуп иштеген Ботоев Мамыттын мыйзамды бузуп өз кызыкчылыгы үчүн жасаган иштери боюнча 1995-жылы Кызыл-Кыя мэриясы тарабынан, шаардык кеңештин уруксаты менен 650 000 акча каралып, “Дружба” паркын баштап көчөттөрдү отургузган жогорудагы көрсөтүлгөн суммага, бирок 2008-жылы Ботоев Мамыт мурдагы мэр менен жең ичинен сүйлөшүп, 1,67 га жерди 350 000 сомго сатып алган аукционду бурмалап катышпаган адамды катышты деп өткөрүп өзүнө  жеке менчикке алган Ботоев. Түзүлгөн келишимди мэрия менен аткарбастан ошол убактагы шаардык кеңештин төрагасы Ж.Султанов менен кеңешип үй курбастан 21 депутатка шаардык кеңешинин катчысы А.Абдукаимов менен сүйлөшүп ошого да жер берген. Бүгүнкү күнгө чейин жашы 70 де болсо да шаар кеңешинде иштеп жатат жаштарга бербей.

Ошол кездеги  7 га жери бар имараттарды бар депутат Жураев Сайдалим Маруфовичке, азыркы Жогорку Кеңештин депутатына да жер берген Ж.Султанов өзү эмес баласына жер алган. Кийин Султанов 400 миңге жерди сатып жиберген, себеби буларга жер керек эмес болчу. Көз карандысыз эксперт 5 280 000 сомго баалаган. Жер сатуу боюнча Баткен облустук прокуратура иш козгоп, 2012-жылы 5-майда Кыргызстандын 20-жылдыгына каратып мунапыс жөнүндө ишти токтоткон. Андан кийин 2014-жылы 14-мартта иш козголуп, Жогорку сот  ишти токтоткон.

Буга чейин Ботоевдин иши жер жөнүндө сотто каралып, Ботоевдин айтуусуна караганда сотко 150 000 сом берип оозун жапкан.

Жогорку Кеңештин аппарат жетекчилери Чыныбай Турсунбековдун жардамчысы 2000 000 сом менен иш козголуп жатат. Бирок Ботоев Мамыт мамлекетке беш жарым миллион зыян келтирсе да, үч жолу кылмыш иш козголсо дагы азыр мамлекеттин кадр маселеси боюнча Акрам Мадумаровдун жардамы менен Кызыл-Кыя шаарына шаардык архивде жетекчи болду.

Президент айткандай ушу козголгон иштерине Ботоевди мыйзам чегинде текшерип, мурдакы Атамбаев убагындагы аппарат жетекчилер саткындыгынан канчалаган эл кайрылуу каттары үстүртөн каралбай эле калып кете берген.

Баткен облустук прокуратура үстүртөн текшерип иштерди жаап коет да, жазган адамга келип прокуратурадан жыйынтыгын келип таанышып кетиң деп коркутуулар гана болот.

Мына ушундай жер сатар коррупционер Ботоевди калкалаган Акрам Мадумаровду жана Ботоев Мамыттын унутула элек кылмыштары боюнча мыйзамдуу баа берип, чара коруп, акчаны же жерди Ботоев Мамыт кайтарып, паркты жашылдандырып элге кайтарсын, өзү мыйзам чегинде жооп берсин.

Кайрылуу ээси: Нурбаев Гапыр

Булак: NazarNews.kg

Последние новости