www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Башкы Прокуроруна О.А. Джамшитовго  

адвокат А.Л.Ханинден А.Б.Табалдиевтин  талаптарын коргоодо

Урматту Өткүрбек Асилбекович, дагы бир жолу сиздин көңүлүңүздүү бурууга аракет кылып жатам мамлекеттик структураларда өзүм билемдик болуп жатканы боюнча. Милиция, прокуратура, жана кээ бир соттор бири бирин коргошуп ЖПКнин нормаларынын өдөнө бузулуштарына көздөрүн жумуп,  жана чындыкты көрбөй жатышат, жана бул фактылар боюнча мурунку даттанууларымда дагы бир нече жолу жазган болчумун. 

Ушундай кайрылууда көрсөтүлгөн баардык аргументтерди текшерүүнү Генералдык Прокуратурасынын тажрыйбалуу кызматкерлерине тапшырууңузду суранам, себеби, Чуй облусунун прокуратура органдарынын кызматкерлеринин тажрыйбалары талапка жооп бербегендиктен, жана биз аларга мындан ары ишенбегендиктен, биздин аргументтерди текшерип чыгууну суранабыз, биз бир эле убакта ушундай өтүнүч менен Президентке жана биздин өлкөнүн коргоочу башка органдарына да кайрылабыз.  

Аламүдүн райондун сотунун ошондой эле, Аламүдүн райондук, жана Чүй областык Прокуратурасынын өз билемдик иштеринин негизинде, менин арызыма көнүл бурбай жана түшүнгүлөру келбей жаткандыгына байланыштуу мен сизге кайрылууга аргасыз болуп жатам.

Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун 2018-жылы, 15-мартындагы өкүмү менен А.Табалдиев, үй мулку конфискацияланып өзү болсо 15-жылга күчөтүлгөн режимдеги абака соттолгон.

Тергөө тарабынан жана сот тарабынан көптөгөн өдөнө мыйзам бузуулар болгондуктан бул өкүмду жокоо чыгаруу үчүн аппеляция иретинде кайрылганмын.

2014-жылдын 10-августунда, Аламүдүн районунун ички иштер органынын тергөө бөлүмү тарабынан, Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы «Горный» багбанчылык коомунун №101 үйүндо К.К.Усупов аттуу жарандын өлүмү  тууралуу №58-14-594 сандуу кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен А.Б.Табалдиевге Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-пункту менен айып угузулуп  жана кылмыш иши Аламүдүн райондук сотуна кароо үчүн жиберилген.

Бул сот иштин изилдөөсү, уч жылдан бери  созулуп келе жатандыгына  ылайык мен (10.01.2018 ж.) баштап соттолуучу А.Б.Табалдиевтин, кызыкчылыгын коргооп баштаганмын. Кылмыш иштин материалдары менен таанышып чыккан соң тергөө убагында жана соттук изилдоо убагында КР ЖПКнын мыйзамдарынын нормаларынын өдөнө түрүндөө бузу фактыларын табып чыктым.

Кой-Таш айылынын «Горный» багбанчылык коомунун №101 үйүндө кырсык болгон жерди изилдөө боюнча 2014-жылдагы 10-августундагы протоколдун негизинде тергөөчү И.Акматов тарабынан бир даана балта табылып алынган. Ошол эле, багбанчылык коомдун №2 үйүндө 2014-жылдын 12-августундагы тинтүү учурунда үч даана балта табылып алынган. Жыйынтыгында тергөөчү №58-14-594 кылмыш ишинин алкагында 4 даана балтаны алган.

Бирок, кылмыш иштин материалдарында 3 даана балта гана көрсөтүлгөн. Төртүнчү балта кайда кеткен жана эмне үчүн ал эксперт-биологтор тарабынан изилденген эмес. Бул суроо ачык бойдон калган.

Андан ары буюм далилдерин изилдөөсү протоколунда (1-том 118-119 барагы) Эралиев Ч.К., жана Найзабекова К.Н., атту эки жараан күбө катары катышкан.

Бирок төмөнкү “Аларча” айыл өкмөтүнүн жана кварталдык комитетинин төрагасынын тастыктамаларына ылайык (чыг №436 21.02.2018 ж.) Эралиев Ч.К., көрсөтүлгөн дарек боюнча жашабайт жана жашаган эмес, ал эми Найзабекова К.Н., Кыргызстандан тышкары чыгып кеткени далилденген.

Соттук-биологиялык экспертизасынын корутундусунда корсотулгон буюм далилдерин каттосуна ылайык, буюм далилдери күбөлөрдүн кол тамгасы жок көрсөтүлгөн жана чапталган эмес, бул сот кароосунда эксперт биологтун берген көрсөтмөсу менен далилденген.

Андан тышкары, А.Б. Табалдиев 2014 жылы 10-августа саат он эки чамасында  Аламүдүн ички иштер бөлүмүнө жеткирилген, бул болсо 2014 жылдагы 10-августундагы №000000000012819 номерлуу медициналык тастыктоочу тактамасы менен  аныкталат, ал эми Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 94-беренесине ылайык кармоо протоколу 2014-жылы 11-августунда саат 21:00 түзүлгөн.

Ошондуктан А.Б.Табалдиев ички иштер бөлүмүндө 33 саат мыйзамсыз кармалган жана  бир жарым күн мыйзамсыз  эркинен ажыратылган деп эсептейм.

Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 95-беренесине ылайык кылмышка шектүү адамды кармоо протоколу үч сааттан көп эмес убакта тузулушу керек.

Андан тышкары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 24 беренесине ылайык, мыйзамда көрсөтүлгөн тартиптин негизинде же соттук чечим болбосо эч ким кармалбашы, камак алынбашы жана эркинен ажыратылбашы керек.

Жогорудагы көрсөтүлгөн буюм далилдери боюнча ал нерселер тергөөчү тарабынан жоготулган же тергөө убагында атайын жок кылынган, жана өзүнүн ишине кайдигер мамиле кылгандыгы үчүн болгону «сөгуш» алган.

Бул факт боюнча Чүй облусунун жана Аламүдун районунун Прокуратурасына кылмыш ишти козгоо боюнча өтүнуч менен кайрылгам. Бирок алар кылмыш ишин козгомок түгүр кылмыштарды каттоо китебине арызымды каттаган эмес жана Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 156-беренесинин негизинде чечим кабыл алынган эмес, куру жооп жазуу менен алектенишет (жооптору тиркелди).     

А.Б.Табалдиевти айыпкер катары көрсөтүлгөн 2014-жылдын 08-августундагы  токтомунда (1-том 129-130 барагында) тергөөчү К.К.Усупов балта менен өлтүрүлгөндүгүн көрсөткөн, бирок кайсы балта менен өлтүрүлгөнүн көрсөткөн эмес.

Тергөө убагында табылган эки балтада кан болгон, бирок бул балталар бир биринен айырмаланып турат. Соттук-биологиялык экспертизанын жыйынтыгы боюнча А.Б.Табалдиевтин үйүн тинтүү убагында темир балтада жана мык сууругучта К.К.Усуповтун каны табылгандыгын ушул эле токтомдо тергөөчү көрсөткөн.

Бирок, ошол эле соттук-биологиялык экспертизага ылайык өлтүрүлгөн адамдын үйүндө экинчи балта табылгандыгы жана ал балтада дагы К.К.Усуповтун каны бар экендигин тергөөчү көрсөткөн эмес. Тергөөчу өзүнө медико-криминалист эксперттин милдетин алып, К.К.Усупов соттолгондун үйүнүн короосунда табылган балта менен өлтүрүлгөн деп бутум чыгарган. Кылмыш ишинин материалдарында  өлтүрү кылмышы  балта менен болгондугу ургулап саючу курал менен (мисалы: күрөк, кетмен, шпатель, ж.б.) болгондугун тастыктаган эч бир экспертизанын корутундусу жок. 

Бул факт тергөө убагында дагы соттук териштирүү убагында дагы, менин аракетиме карабай изилденген жок, сот дароо эле эки тараптын талкуусуна өтуп кеткен.

Соттук-териштирүү убагында К.К.Усупов кайсы ургулап саючу курал менен олтүрүлгөндүгүн тастыктоо боюнча медико-криминалистик  экспертиза дайындоо жөнүндө  өтүнүч менен кайрылгам. Бирок бул өтүнүчүмдү  дагы сот четке какты.

Мамлекеттик айыптоочунун коңул коштугу мени танкалдырды, ал тарабынан фактыларды далилдөө же жокко чыгаруу боюнча бир дагы суроо берилген жок, тескерисинче, менин баардык өтүнүчтөрүмдү  соттон четке кагууну суранды.

Соттук-медициналык экспертизага ылайык К.К.Усуповтун денесиндеги жарааттар бир канча жолу ургулап саючу куралдан пайда болгон.

К.К.Усуповтун өлүмү эртең мененки 6-8 чамасында болгон. Бул жагдайлар кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин моралдык жана психологиялык басым көрсөтүсүнүн  астында жазылган мойнуна алуу тил катына каршы келет.

Жогорудагы көрсөтүлгөндүн негизинде ЖПКнин мыйзамдарынын нормаларынын өдөнө бузушунун себеби соттук талаш-тартыш үч жылдан бери созулуп келет, ал эми тергөө органдары прокуратура, ал эмес сот дагы төмөнкүлөрдү далилдешкен жок;

-өлгөн адамдын канына окшош, кандын тагы бар түзүлүшу боюнча бири-бирине окшобогон эки балта кандай жагдайда өлгөн адамдын үйүндө жана шектүүнүн үйүндө табылган.

-шектүүнүн үйүндөгу ар кайсы бөлмөдөгу диванда жана шейшепте табылган кандын тактары (тамчылар, сүрүлгөн эмес, жана чачыранды дагы эмес) кандай жагдайда пайда болгондугу жана  далилдер жасалгандары көрүнүп турат.

-кайсы далилдердин негизинде тергөөчү олтүрүү балта менен болгон деп эсептеген. Кылмыштын курал боюнча бөлүмүн айыптоо божомолдордун негизинде жүргүзүлгөн деп эсептейм, себеби кандай курал менен өлтүрүлгөнүн далилдоо үчүн медика-криминалистик экспертиза жүргүзүү керек болчу.

-А.Б.Табалдиевтин баласы Байышбеков Жанарбектин канынын группасы, жабырлануучу К.К.Усуповтун канынын группасы менен окшош. Бирок, бул факт изилденген эмес, бул карама каршылыкты сот изилдөө маалында жокко чыгарууга аракет кылды, жана эки жолу соттук биологиялык экспертизасын дайындалган, бирок буюмдук далилдер жок болгондуктан экспертиза жүргүзүлгөн эмес. Мени   таң калтырганы кошуналарынын жана туугандарынын берген көрсөтмөлөрүнө караганда, өлгөн адамды «Кубанычбек» деген ат менен билишерин айтышты.

Жогорудагы көрсөтүлгөндүн негизинде,

С у р а н а м :

- Чүй облустук жана Аламүдүн райондук прокуратурасынын кызматкерлерине карата ички изилдөөнү жүргүзүүнү жана тартиптик мүнөздөгү эн оор чарааларды көрүүнү суранам себеби, тергөөчү тарабынан буюмдук далилдер жоголгону үчүн, алар тарабынан азыркы учурга чейин эч кандай процессуалдык чечим кабыл алынган эмес. Ошондуктан, жасалган кылмыштын чыныгы картинасын далилдөө мүмкүн эмес, бул иш чаранын жүрүшүно соттолгон А.Б.Табалдиев өзу дагы кызыкдар, себеби ал күнөөсүн мойнуна албайт. Прокуратура органдарынын кызматкерлери бул кылмыш ишти жашырып жатышат, жана эч кандай мыйзамдуу чара көрүшкөн жок, анткени бул иши  учун катуу жаза алышат.

-А.Б.Табалдиевтин мыйзамсыз эркинен ажыратуу фактысы боюнча текшерүү жүргүзүүнү суранам, 2014-жылдын 10-авгусутунда кармалган учурдан тартып ЖПКнин 94 беренесине ылайык камакка алганга чейин А.Б.Табалдиев кайда болгон, жана 33 саат бою  тергөөчү көзөмөлдөөчү прокуратура органдары кайда карап жүрүшкөн?

Жогорудагы көрсөтүлгөн фактылар укук коргоо органдарынын кесипкөйлүгүнүн төмөндүгүнүн көрсөтөт Кылмыш ишинин тагдырын кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн кызматкерлери чечишет алар далилдерди кандай жасалмаласа тергөө ошондой журот, ал эми прокурорго иш боюнча күнөөсү далилденди деген тергөөчүнүн сөзу жетиштүү. Ошондуктан, баардык мүмкүн болгон жолдор менен Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 19 жана 15 беренелеринин 3 бөлүмүнүн талаптарын аткарбоого аракет кылышкан, ал эми сот алардын макулдугу менен мыйзамсыз өкум чыгарган.

Созумдун аягында белгилеп кетким келет 3 жыл 6 ай ичинде тергөө органдары менен таанышкан жана алып барган прокурор, андан кийин мамлекеттик айыптоочу да, Чүй облустук прокуратурасы да каза болгон адамдын өздүгүн такташкан эмес, ал эмес өлгөн адамдын соогу да аныкталган эмес. Өздугу такталбаган адам мыйзамдуу өкүлү болуп табылган, ал эми «өлтүрүү» сыяктуу өтө оор кылмыштын тергөөсү бир айдын ичинде аякталып, сотко жиберилген.

 Эмне себептен мындай шашылыш болгон деген суроо жаралат? Себеби, кварталдык отчетко оор кылмыштын бети ачылгандыгы тууралу рапорт берилип, кылмыштын бетин ачуу боюнча пайызды көтөрүү болуп эсептелген жана бул ишке Чүй облустун прокуратурасы да жардам көрсөтүшкөн.

Чүй облустук укук коргоо органдары үчүн мен уялып жатам, себеби, мен жактоочу ушундай оор мыйзам бузууларды ачыкка чыгарып жана баардык мамлекттик органдардын жетекчилерин конулун басма сөз жыйындары аркылуу бурдургам.

Кыргыз Республикасынын Президенти Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин коопсуздук кеңешинде айткан «бир жаман кой, бир короо койду бузат» бир колдору таза эмес кызматкерлер өздөрүнүн туура эмес жүрүш-турушу  менен баардык системага көлөкө түшүрүп жатат.

Көптөгөн жараандар көп жылдан бери сот органдарынан акыйкатчылыкка жетпей келишет.

Сот органдарынын, укук коргоо жана көзөмөл органдарынын дарегине түшкөн ар бир арыз, кайрылууларды өзүнүн көзөмөлүнө алышса.

Калкка жакын болуп ар бир арызга так жана өз убагында жооп беруу менен укук коргоо органдарынын авторитетинин көтөрүп, элдин мамлекеттик органдарына болгон ишеничин көтөөо алабыз.

Жараандардын кайрылууларына өзгөчө көңул бурулушу керек. Эгерде кайрылууларга көңул бурулбаса же өз убагында чечим кабыл алынбаса, административдик органдардын жана ведомстволордун жетекчилерин жоопко тартылат деп биздин Президентибиз Жээнбеков Соронбай Шариповичтин айткан сөзү бар. 

Тиркеме: Урматто менен, Жактоочу А.Л.Ханин

Булак: NazarNews.kg

    

Последние новости