www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2010-2012-жылдары Кытайда ондогон америкалык тыңчылар өлтүрүлүп, алардын ондогон жылдар бою түзгөн агенттик түйүнү талкаланган.

Иликтөөлөрдүн жүрүшүндө АКШда ЦРУнун мурунку кызматкери Джерри Чунь Шин Ли кармалган – аны кытайларга агенттик түйүндү “саткан” деп айыпташууда. Америкалык Foreign Policy басылмасынын 15-августта жарыялаган материалына караганда, Кытайда ЦРУнун 30 кызматкери жана алардын кытайлык байланышчылары өлтүрүлгөн, а түйүн бир эле чыккынчынын айынан эмес, комуникациялык системадагы катачылыктан улам да бети ачылган.

Кытайдагы бул окуянын себептерин ЦРУ менен ФБРдин атайын комиссиясы иликтеди. Комиссия үч потенциалдуу багытты аныктаган – чыккынчылык, агенттердин өздөрүнүн жыйнаксыз иши жана коммуникация системасындагы саткындык. Аягында тергөөчүлөр агенттик түйүндүн кыйрашына ушул үч фактордун кесепети тийген деген жыйынтыкка токтолушту.

ЦРУ жаңы агент менен иштеп баштаганда адатта убактылуу байланыш системасын колдонот. Бул система куратордун булак менен алыстан туруп, ЦРУнун негизги түйүнүнөн тыш байланышуусуна мүмкүндүк берет – бул эгер жаңы булак кош тыңчы болуп калчу болсо, коопсуздукту шарттайт.

Иликтөөдө белгилүү болгондой, ЦРУнун убактылуу системасында техникалык каталыктар болгон. Мунун айынан мекеме ишенимдүү булактары менен байланышчу жалпы системага кошулуу мүмкүнчүлүгү пайда болгон. Кытай адистери убактылуу системага кош тыңчы аркылуу же Ли тарабынан ачылган булактардын бирөөнөн кирген сыяктанат. Ал жерден кытайлар жалпы базага кирип, агенттик түйүндүн жүзүн толук ачышкан.

ЦРУнун Кытайда колдонгон байланыш системасы алгач Жакынкы Чыгышта операция жүргүзүү үчүн иштелип чыккан эле. Адистердин пикиринде, ал жакта чалгындоо ишинин өзгөчөлүгү таптакыр башка жана коопсуздук деңгээли бир канча төмөн, Кытайда болсо адистер алдаканча мыкты даярдыктан өтүшкөн.

Кытайдын атайын кызматтары ЦРУнун байланыш түйүндөрүндөгү алсыз жерлерин Орусия менен да бөлүшкөн болушу мүмкүн. Кытайда резиденттерде көйгөйлөр башталган учурга туш Орусияда да бир нече булактардын ЦРУдагы кураторлору менен күтүсүздөн байланышты үзгөнү ушундай логиканы жаратат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости