www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Урматтуу Сооронбай Шарипович!
Сизге кыскача кайрылуу! Сиздин акыркы убакта жасап жаткан жумуштарыңыз жүрөк жылытып, карапайым калк арасында келечекке болгон үмүтүн жандырды!
Акыркы билдирүүлөрүндө экс-президент Алмазбек Шаршенович ТЭЦ жана башка коррупциялык иштер боюнча чиновниктер камалганда “тергөөнүн бейтараптуулугуна ишенбейм! Алар Ак үйдүн буйругун аткарат” деп балп эттирди эле. Бизде бүдөмүк ой калды, демек Алмазбек Атамбаевдин убагында камалган саясатчы жана коомдук ишмерлер анын саясатын колдобой койгондугу үчүн эле камалган экен да?! Андай болсо Бектур Асанов, Кубаныч Кадыров, Садыр Жапаров жана Өмүрбек Текебаевдер Ак үйдүн буйругу менен бейкүнөө жеринен камалган экен да?! Бул инсандар чуулгандуу коррупциялык иштерге аралашкан эмес, болгону Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча өз көз караштары бар, кыргыздын кыраан уулдары!
Урматтуу Сооронбай Шарипович!
Мурдагы кетирилген кемчилдиктерди оңдоп, жогоруда аты аталган саясатчыларды жакын арада бошотууңузду суранам?! Ошондой эле, Ак үйдүн буйругу менен жалган кылмыш иши козголгон, Бабанов Өмүрбек Токтогуловичтин да ишин токтотуп, кызматташууга чакырууңузду өтүнөм?! Бул кадамыңызды жалпы Кыргыз Эли күтүп турат! Кирип келе жаткан Орозо Айт майрамына жана Эгемендүүлүк күнүндө Кыргыз Элине болгон кайталангыс белегиңиз болот эле?!
Сизди терең урматтоо менен,
Аксы районун Кашка-Суу айылдык кеңешинин депутаты Шекербек Камчыбек уулу.
Булак: NazarNews.kg