www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башынан оор жаракат алып Алматы шаарынын чыгыш айланма жолунан табылган төрт жаштагы бала ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги "Первый канал "Евразия" каналына шилтеме кылып жазып чыкты.
"Бала реабилитациядан өтүп, укалоо, физио дарылоону толугу менен алды. Абалы жакшы. Ал сүйлөп, баса баштады. Бүгүн ооруканадан чыгарылды, кийинки дарылануу үч айдан кийин пландалган", — деп №2 балдар клиникасынын дарылоо иштери боюнча башчысынын орун басары Аида Аханбекова билдирди.
Ошондой эле ага жарым жылдан кийин баш сөөгүнө дагы бир операция жасалат. Анда анын баш сөөгү калыбына келтирилет.
16-июлда жолдон баланы коюп кеткен айдоочу аны төшөккө ороп, жолго таштап кетти делген маалымат полицияга түшкөн. Төрт жашар Мухаммед табылаары менен дароо ооруканага оор абалда алып келинип, операция жасалган. Полиция жол кырсыгы болгон жерден качып кеткен айдоочуну жана автоунааны бир жумадай издеген.
Кийин Алматы шаарынын ички иштер департаменти видео тараткан. Анда Мухаммеддин атасы полицияга жана коомчулукка калп айтканын билдирип, баласы тил албагандыктан сабап жолго таштап кеткенин айткан.
Булак: "sputnik"