www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Вьетнамдагы сулуулар сынагынын жеңүүчүсү Сания Шакирова каза болгон жол кырсык боюнча айыпталып жаткан Бишкек шаарынын 31 жаштагы тургуну К.Ч. буга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Бул тууралуу 15-августта Ысык-Көл райондук сотунда өткөн отурумда маалым болду.
Жабырлануучу тараптын жактоочусу Рустам Абдурауфов түшүндүргөндөй, айыпталуучу КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинин 2-бөлүмү боюнча (топ менен жасалган ээнбаштык) кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Бирок иш эки тараптын келишкенине байланыштуу токтотулган.
Сот отурумунда Ысык-Көл райондук ооруканасынын фельдшери айыпталуучу К.Ч. шок абалында болгондугун билдирди.
«Биз жардам берүү үчүн келгенде ал [айыпталуучу К.Ч.] бели ооруп жаткандыгын айтты. Аны кароо учурунда бели сынганын аныктадык. Бирок ал алгач кызга [С.Шакировага] жардам берүүнү өтүндү. Кароо учурунда кыз каза болуп калганы аныкталды. Кызматтык инструкцияга ылайык, биз бардык жабырлануучуларды райондук ооруканага жеткирүүгө милдеттүүбүз», - деди фельдшер.
Ал эми судья эмне үчүн фельдшер өзүнүн кызматтык милдеттерин билип туруп, жабырлануучуга башка унаада кетүүгө уруксат бергенин сурады.
Фельдшер алар менен баруудан жабырлануучулар өздөрү баш тартышканын билдирди. Мындан тышкары дарыгер [тез жардам кызматынын] билдиргендей, ошол убакта унаа бузулуп калып, от албай жаткан.
Судья ошол учурдагы окуяны деталдуу айтып берүүнү өтүндү. Фельдшер жол кырсык болгон жерге «Тойота Лэнд Крузер» унаасы менен келген жабырлануучунун таанышына К.Ч.ны Чолпон-Ата шаардык ооруканага жеткирүүгө оозеки түрдө уруксат бергенин айтты. Бирок фельдшер аны К.Ч. өзү эмес, анын таанышы өтүнгөнүн белгиледи. Ал К.Ч.ны тез арада ооруканага жеткирүү зарылчылыгына байланыштуу макул болгон.
«Алар [К.Ч.нын тааныштары] келип, эмне үчүн биз жабырлануучуларды ооруканага жеткирбей жатканыбызды сурашты. Мен аларга унаа бузулуп калганын айттым. Алар өздөрүнүн унаасы бар экенин, жабыркагандарды ооруканага жеткирүүгө даяр экенин айтышты. Мен алар менен чогуу барайын дегем. Досунун аты ким экенин билбейм», - деди фельдшер.
С.Шакированын үй-бүлөсүнүн жактоочусунун суроолоруна жооп берип жатып, фельдшер К.Ч. ошол учурда мас абалда болгонун айтты. Анын мас абалда болгонун тез жардам кызматынын унаасынын айдоочусу М.Мирлан дагы тастыктады.
К.Ч.ооруканага жеткирилбегенин качан билгени боюнча суроого фельдшер бул тууралуу ага оорукананын нөөмөттө турган дарыгери айтканын жана андан кийин алар милицияга кайрылганын билдирди.
«Барыбыз [милициянын кызматкерлери] «Карвен Четыре Сезона» пансионатына бардык, ал жактан жол кырсык болгон жерде болгон Р.С.ти таптык. Анда К.Ч. кайда экенин сурасак, ал Бишкекке кеткендигин билдирди. Ал биринчи ооруканага келип, андан кийин аны [айыпталуучу К.Ч.ны] унаа бекетке алып барышканын айтты», - деди фельдшер.
Ошондой эле ал тез жардам бригадасы окуя болгон жерге билдирүү түшкөндөн кийин 10 мүнөт өткөн соң келгенин билдирди. Тез жардам кызматын окуяга күбө болгон адамдардын бири чакырган.
Жактоочу Р.Абдурауфов Turmush басылмасына берген комментарийинде билдиргендей, алар «Равон Нексиа» унаасынын айдоочусу Тимурду жана анын ичиндеги 1980-жылы туулган С.Ринатты суракка алуу боюнча өтүнүч кат жөнөткөн.
Жактоочунун айтымында, айыпталуучу Ысык-Көлгө эс алууга «Мерседес-Бенц» унаасы менен келген, ал эми кетип жатканда «Нексия Равон R3» унаасында болушкан. Тергөө иштеринин жүрүшүндө тергөөчү бул эки жарандан сурак алган эмес.
Сот жактоочунун Тимурду, С.Ринатты суракка алуу өтүнүчүн канааттандырып, бүгүнкү күндө эмне үчүн Тимур транспорттук каражатты башка адамга берүүгө тыюу салынганын билип туруп башка адамга унаасын бергени түшүнүксүз экенин айтты.
Жактоочу бул маселе боюнча жеке аныктама киргизүү ниети бар экенин айтты. Мындан тышкары, жактоочунун маалыматына караганда, К.Ч.нын мас абалда экенин аныктоо боюнча химиялык экспертиза 12 саат өткөндөн кийин жүргүзүлгөн, [себеби — К.Ч. изделип, Бишкек шаарындагы №4 ооруканасында табылган].
Экспертизанын жыйынтыгы менен анын канындагы спирт ичимдигинин дозасы 2,5 промилл экени аныкталган. Техникалык экспертиза унаа саатына 130-140 чакырым ыламдыкта бара жатканын аныктаган.
Булак: "Турмуш"