www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жыл-Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоо” Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын аймактарында коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө, эл менен милициянын биримдигин арттыруу жана элдин милицияга болгон ишенимин бекемдөө максатында ички иштер органдарынын позициясын коомчулуктун талаптарына ылайык чыңдоо максатында ички иштер министрлиги ИИМдин Борбордук аппаратынын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жана облустук ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын борбордук аппараттарынын штаттык эсебине оптимизациялоо жүргүзүлүп, жогоруда аталган аппараттардан 625 штаттык бирдиги райондук-шаардык милиция бөлүмдөрүнүн жана айылдык милициянын бөлүмчөлөрүн бекемдөөгө берилди. Анын ичинен 34 жетектөөчүлүк кызматтык орундар, тактап айтканда ИИМдин аппаратынан-20, ИИББ-ИИБден 14 кызмат орундары кыскартылды. Бул тууралуу NazarNews.kg маалымат агенттигине ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев Кыргызстандын бардык райондоруна барып аймактын милиция бөлүмдөрүнүн ахыбалы менен жеринен таанышып, көйгөйлөрүн билип ошону негизинде төмөндөгү чечимдерди кабыл алды.
Эң негизги маселе аймактарды өнүктүрүү жылына карата колдо болгон ички мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен 100 штаттык бирдик аймактык тескөөчүлөрдү түзүүгө, 25 штаттык бирдик жаш өспүрүмдөр менен иштөөчү тескөөчүлөргө, нөөмөт бөлүктөрүн чыңдоого 45 штаттык бирдик берилди.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын “жоруктар жөнүндөгү кодексинин” 2019-жылдан баштап ишке киришине байланыштуу ИИМдин тергөө кызматынын курамындагы анча оор эмес кылмыштарды тергөө бөлүгү түзүлүп жаткандыгына байланыштуу 255 штаттык аталган кызматка берилет. Ошондой эле өлкөдөгү туризм саясатын жакшыртуу, эс алуучу жайларда коомдук тартипти сактоо максатында туристтик милиция бөлүгү да түзүлүүдө ага азырынча 100 штаттык бирдик берилүүдө. Анда чет тилден кызматкерлер иштешет. Туризм милициясы толук түзүлүп бүткөндөн кийин анын презентациясы өткөрүлөт.
Андан сырткары, калган штаттык бирдиктер жаңы түзүлө турган айылдык милиция бөлүмчөлөрүнө жана аймактык милиция органдарынын өздүк курамын чыңдоо максатында милициянын бөлүмдөрүнө берилет.
Жогоруда белгилегендей 2019-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирип жаткан “Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын жоруктар жөнүндөгү кодексин, Кыргыз Республикасынын кылмыш-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын кылмыш-аткаруучулук кодексин, “Амнистиянын негизи жана аны колдонуунун тартиби боюнча” Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке киргизүү жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ички иштер органдарынын тергөө кызматтарынын түзүлүшүндө анча оор эмес кылмыштарды иликтөөчү бөлүм түзүлө тургандыгын дагы бир жолу белгилейбиз.
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы “Кыргыз Республикасынын сот, көзөмөлдөө жана укук коргоо органдарындагы коррупция менен күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндөгү” чечиминде белгиленген комплекстүү иш чаралар Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги тарабынан толугу менен ишке ашырылууда.
Бүгүн, биз ИИМдин Борбордук аппаратынын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жана облустук ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын борбордук аппараттарынын штаттык эсебине оптимизациялоо жүргүзүүнүн биринчи этабын аякталган. Ошондой эле ички иштер министрлиги оптимизациялоо жүргүзүүнүн экинчи этабын иш жүзүнө ашыруу боюнча пландаштыруу иш-чаралары колго алына баштады. Биз аймактарда коомдук тартипти сактоону негизги багыттардын бири катары эсептейбиз жана Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жыл-Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоо” Жарлыгына ылайык аймактарда коомдук тартипти сактоо боюнча тиешелүү багыттар аныкталып жана толук анализ жүргүзүлүү менен комплекстүү иш- чаралар турмушка ашырылууда, деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматы.
Булак: NazarNews.kg