www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу Сооронбай Шарипович. Биздин Сизге кайрылуубуздун себеби төмөнкүчө: Учурда камакта жаткан Садыр Жапаров кыргыз элине пайдадан башка зыян алып келген жок. Садыр Жапаровдун жазган “Кайрылмандар” деген мыйзамынын күчү менен этникалык кыргыздар ар өлкөдөн көчүп келип, 2008-жылдан бери Кыргызстаныбызда жашап жатабыз.

Статистикага таянсак Кыргызстанга келе берген этникалык кыргыздардын саны  -65 минге жетсе, биздин эсеп боюнча этникалык кыргыздарын саны -150 миңди чапчыды. Мына ушул көрүнүштүн баары Садыр Жапаровдун жазган мыйзамына ылайык болду десек жаңылышпайбыз. Урматтуу Сооронбай Шарипович, Садыр Жапаров, кудайдан коркон, намаз окуган, элин сүйгөн инсан. Тагдырдын жазмышы экен карыганда кайтыш болгон атасына топурак сала албай, арманда калды. Андыктан ачуу чындыкты ачыкка чыгарган Садыр Жапаровдой болгон кыргыз элине, жерине күйгөн мыкты инсанга болгон айыптоолор негизсиз деп эсептейбиз.

Урматту президент! Сиз дагы намаз окуган Кудай деген адамсыз, күнөөсүз түрмөдө олтурган Садыр Жапаровду камактан чыгарып берүүңүздү суранабыз. Сиз келечекте кыргыз элинин тарыхында калган, мыкты президент болуп кала берем десеңиз, адилетсиз камакта олтурган айрым күнөөсүз саясатчыларды боштондукка чыгарат деп ойлойбуз.

Сооронбай Шарипович! Сиздин "МЕН БИЙЛИКТИ, БАЙЛЫКТЫ КУЛУ БОЛБОЙМ, ЭЛДИ КУЛУ БОЛОМ", деген сөзүңүздөн кийин жалпы кыргыздарда Сизге болгон ишеним кайра пайда болду. Биз этникалык кыргыздар болуп аталганыбыз менен Кыргызстандын келечегине эч качан кайдыгер карабайбыз.

Биз Сизге ишенебиз, камакта жаткан Садыр Жапаровду боштондукка чыгарып берүүңүздү өтүнөбүз.

Жалпы этникалык кыргыздар жана этникалык кыргыз Айдар Халиков.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости