www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Базар-Коргон районундагы Сейдикум айылында 200гө чукул кой айдап бара жаткан чабанды «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унаа сүзүп өлтүрдү. Оор жаракат алган чабан ооруканага жетпей көз жумуп, 14 баш кой жана минип бара жаткан аты окуя болгон жерде өлгөн. Бул маалыматты Turmush басылмасынын кабарчысына Жалал-Абад ОИИБдин ага инспектору Айбек Сатыбалдиев тастыктады. Окуя 17-мартта саат 21:00 чамасында болгон. Көз жумган чабан — 1979-жылы туулган К.Ж. Көк-Алма айылынын тургуну. «Чын-Курулуш айылынын 1957-жылы туулган тургуну М.С. өзүнүн унаасы менен түндүктөн түштүк тарапты көздөй бара жатканда түштүк багытка 200гө чукул кой айдап бара жаткан атчан чабанды жана койлорду сүзүп кеткен. Окуя болгон жерде тергөө иштери жүрүп жатат», - деди А.Сатыбалдиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости