www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Урматтуу Жээнбеков Сооронбай Шариповичке,
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Джамшитов Өткүрбек Асылбековичке,
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Кадыркулов Идирис Анарбаевичке
Кайрылуу
Урматтуу бийлик өкүлдөрү! Мен Бекташов Абдимитал сиздерге кайрылып жатканымдын себеби төмөнкүчө: Жалпыга маалым, Канжар Кадыралиев канчалаган адамдарды сыздатса да камалбай, эркиндикте кайра эле карактоо иштерин жасап жатат. Кебим башынан болсун, 2010-жылдан баштап, Куршаб айыл өкмөтүндөгү үлүшкө берилген 3,5 гектар алма багымды талашып, ар кандай жолдор менен коркутуп жатты. Бербей койсом, бир канча жолу башыма пистолет такап, ур токмоко алган. Рейдерлик жол менен эле алма багымдын четине мыйзамсыз курулуш куруп, үйүмдү, мал сарайымды тартып алган. 2010-жылдан эле Өзгөн жана Ош абластынын прократурасына коп жолу арыз менен кайрылсам да, эч кандай жыйынтык болгон жок, себеби ал Канжар Кадыралиев прократура кызматкери болгондуктан, иштерди жаап салган.
2014-жылы Кадыралиевтерге карата козголгон кылмыш иштер башталган учурда гана, бир тууган Улан, Орунбек, Канжар Кадыралиевтер апасы Акдананы ээрчитип келип, үйүмдүн алдында кечирим сураганына элдин баары күбө болгон. Андан сырткары тосмо арыз жазып бергиле деп ыйлактап, акча да сунуш кылган. Жериңерди талашпаймын, жылкыларыма тебелетпеймин деп үйүбүздү, сарайыбызды кайтарып бергендиктен биз тосмо арыз жазып бергенбиз. Бирок Кадыралиевдин соттук иштери бүтө элек эле 2017-жылы март айларында 3,5 гектар жерибизди кайрале тартып алып, мурунку үй, сарайыбызды буздуруп, ордуна жаңы үй, мал сарай салдырып алды. Мамлекеттик каттоо кызматынан документтерди бүт жасатып алганын кийин билдик. Ошентип бары жоктон кур калдык. Күйбөгөн жерим күл болду.
Учурда дагы күз жыйым терим иштери бүтө электе жүздөн ашуун жылкысы менен тебелетип, элге зыян келтирип жатат. Кой деген кожо же бийлик жок!
2014-жылдан бери барбаган жерим, какпаган эшигим калбады. Соттон-сотко уланып, жылдырылгандан жылып келе жатат. Арам акчага соттун баарын сатып алып эле, бизге окшогон карапайым эл жабыр тартып келе жатабыз. Атамбаевдин башкарган убактан бери Икрам Илмиянов, Эркин Мамбеталиев, Манас Арабаевтердин кийлигүүшүсү менен адилетсиздик орноп келет.
Урматтуу Президент, прокурор жана төрага! Акыркы үмүтүбүз сиздерде. Жогорку айтылган ар бир ишти тыкыр иликтеп, өз көзөмөлүңүздөргө алууну суранабыз. Ак ийилет бирок сынбайт демекчи, адилеттүүлүктүн гаранты болуп бериңиздер.
Бекташов Абдимитал (0 500 09 67 97), Куршаб айылы, М.Орозбаев к.95
Булак: NazarNews.kg