www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Шариповичке!
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын Энгельс 5-үй 32-батиринин
Тургуну Узакова Ирсалаттан
КАЙРЫЛУУ
Мен, Узакова Ирсалат Шарапидиновна 30 жыл мамлекеттик кызматта иштегенмин. 3 балам 3 неберем бар. Сизге Баткен областындагы сотторго нараазычылыгымды билдирейин деп чечтим.
Менин үч балама жалгыз багуучу экениме карабай саткын, паракор жалпы Баткен облусундагы сотторундагы болуп жаткан коррупцияны коркпой ачык айтууну туура таптым. Ушул жашап жаткан батирим көп жылдан бери талашта. Мен, Бишкекте жүргөнүмдө менин катышуумсуз Кызыл-Кыя соту Нурлан Аматов карап, өзү чечип наркы тараптан акча алып, менин укугумду тепселеп, мага берилген билдирүүнү бербей чечип салган. Бул Аматов Нурлан мени эле эмес көп адамдан акча алып мыйзамды атасынан калгансып өзүм билем өтүгүмдү төргө илем деген адилетсиз сот. Андан кийин Баткен облустук судьялар мындайча айтканда адамдын тагдырын акча менен эсептешип канчалаган күнөөсүздөр камакта камалып жатат акча бербегендер, мага окшогондор үйсүз калып көчөдө жүрүшөт. Баткен облустук сотунда Толубаева Уулбубу Неманалиевна жана Пазыловко окшогон өтө жегич соттордун чыгарган бардык чечимдерин кылдат текшерип, мыйзам чегинде чара көрүп, Баткен элин ушундай кара ниет акчанын кулу, саткын, элдин тагдырын ойун кылып өздөрү каалагандай калчап жаткан кылмыштарын ачып, ашкере кылып чекит коюуңузду суранамын жалбарып. Мисалы менин сотто каралып жаткан ишимди акчалуулар тарапка чечип, адилетсиз карап, мени үйсүз калтырган соттордун алкымы тешип чыксын. Алар аз келгенсип сот аткаруучулар мыйзамды билип туруп эшигимди бузуп кирди. Бирок прокуратура органы мага калыс карап, мыйзам чегинде алып бараарын түшүндүрдү да үйдөн айдап чыгууну токтото турду. Азыркы күндө мени прокуратуранын жардамы менен үйдөн куулуп чыкпадым, бирок көчөдө аялдамада жашап жүрөмүн.
Менин суранаарым сот ишим кайра каралып, мыйзам чегинде чечилишин гана суранам, мыйзамдуулукту гана талап кыламын, акчалуулардын күн карамасы сотторду тазалооңузду өтүнүп жалбарамын. Баткен эли паракор соттордон түңүлүп бүттү. Өзүңүз досумду да, тууганымды да аябайм дедиңиз. Баткен элинин арыз мунун да угуп, Баткен облусунун сотторунда да мыйзамдуулук талаасын орнотуп берүүңүздү суранам. Жалпы Баткен облусу юоюнча соттордун тапкан, ташыган, салган, курган, минген унааларын, жашаган батирлерин кайдан тапканын, элдин көз жашынан топтолгонун кустуруп ,чекти коюуңузду жалынып жалбарып суранып кетемин.
Кайрылуу ээси: Узакова Ирсалат Шрапидиновна
0779435595.
Булак: NazarNews.kg