www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт өлкөнү итке мингизеби?

Кыргызстандын бюджета жылына бери дегенде 20 миллиард сом таңсыктык менен кабыл алынат. Бюджеттин жыртыган жамаш үчүн эл аралык финансы институттардан, ар кандай донордук уюмдардан тилемчидей болуп кайыр сурап, алардын ар түрдүү талап-шарттарын аткарабыз деп акча алмай. Бул көрүнүш кадимкидей эле «оору» болуп калды. Өкунүчтүүсү, өзүбүз кайырчыдай карыз сурап жүрүп, өлкөбүздөгү эң кирешелүү, күргүштөп пайда тапкан бийликтеги кайсы бир таасирдүү адамдардын ишканаларын киреше салыгынан бошотуп коюшат.

Мына парадокс. Мындайды «чычкан ийинине кире албай жатып, куйругуна калбыр байлайт» деп коёт. Сөзүбүз кургак болбош үчүн фактыга токтололу. Өкмөт Кыргызстандагы эң ири делген 60ка жакын ишкананы киреше салыгы­нан бошотту. Коомго белгилүү айрымдарынын атын атай кетели, «Бишкексүт», «Шоро», «ШЕР ИНК», «ШинЛайн», «Акун», «Баркад» жа­на «Артезиан» сыяктуу ири ишканалар дагы бар. Мына биздин экономикалык саясаттын жүзү. Деги ырысы жок эл экенбиз.

Булак: "Фабула"

Последние новости