www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Белгилүү табып, Хашим Зайналиев кайрадан белгилүүлөрдүн талкуусунда калды. Анын тарапташтары КР Президенти Сооронбай Жээнбековго кайрадан Кайрылуу жазышты.
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбековго КАЙРЫЛУУ
Урматтуу Кыргыз Республикасыны Президенти Сооронбай Шарипович!
Биз, айыккыс оорулардан жапа чегип, элдик табып Хашим Зайналиевдин колунда дарыланып жаткан бейтаптар жана алардын туугандары, кайрылбаган жерибиз, какпаган эшигибиз калган жок. Табыптан айыгып чыккан адамдар Премьер-Министр, Генералдык Прокурорго чейин кирип чыгышты. Жыйынтык болгон жок.
Бардыгы жогору жак чечип жатат дешип эле, Ак Үйдүн жетинчи кабатын көрсөтүп жатышты.
Хашимди соттоп, ишин токтотуп жаткан соттордун биринин оозунан Коопсуздук Кеңеши кысып, чарчатып бүттү деген сөз чыкты. Демек, ошол жогору жак дегени Коопсуздук Кеңеши экен. Бул карапайым кыргыз жараны, уникалдуу табып, кыргызстандыктар гана эмес, Европа мамлекеттеринен, Россиядан, араб өлкөлөрүнөн ондогон адамдар келип, дарыланып жаткан Хашим Зайналиев мамлекетибиздин коопсуздугуна кандай коркунуч келтирип жатканын биз такыр түшүнө албай койдук.
Биз оор дарттардан азап чеккенибиз аз келгенсип, саламаттык сактоо системасындагы коррупциядан, билимсиздиктен, кайдыгерликтен кордук көрдүк. Табып Хашим Зайналиевден канчалаган адамдар айыккандыгы тууралуу көп айтылды, көп жазылды. Президентке канчалаган кайрылуулар кетти. Тилекке каршы, мамлекетибиз Хашим Зайналиевди баалай албады.
Октябрь райондук сотунун соту Абакиров Кайсын Кадырович: “Хашим Зайналиев элди дарылоо ишин токтотсун” деген өкүм чыгарды.
Бүтүндөй мамлекеттик структуралар, журналисттер бечара оорулууларга, бир табыпка каршы иштеди. Аларга да кудай бар. Органикалык дары-дармектер, чөптөр, мөмө-жемиштер менен дарылануу бүт дүйнө жүзүндө кеңири жайылып бара жаткан чакта өзүбүздөн чыккан уникалдуу дарыгерди пайдаланып кала албадык.
Мурдагы саламаттык сактоо министри Талант Батыралиев айткан фармамафиянын колуна элдик дарыгерди салып бердик. Табыпты каралоо, камоо, ишин токтотуу бийликке акаараттан башка эч бир абийир алып келген жок.
Сооронбай Шарипович!
Оорулууларды кордоо Сиздин мамлекетте болуп жатканы кандай өкүнүчтүү! Бизге оорунун азабы, врачтардын кордугу жетишерлик эле. Конституциянын гаранты болгон Сизге акыркы үмүт менен кайрадан кайрылып жатабыз. Хашим Зайналиевге паллиативдик борбор, хоспис түзүп бериңиз! Сиз бизди кабыл албайсыз, анткени биз туугандарыбыздан башка эч кимге кереги жок оорулууларбыз. Муну моюнга алуу кандай оор! Бул дүйнөдө жолукпасак, сиз менен Акыр Кыяматта жолугабыз.
Алланын алдында падышалык парзды аткарган Сиздин да, букаралык милдетибизди жасаган биздин да жүзүбүз жарык болсун.
Бейшенбек Бекешов, журналист, жазуучу;
Меңди Мамазаирова, акын, жазуучу, драматург, Кыргыз Эл акыны;
Рабиха Алыбаева, журналист, режиссер;
Абдымитал Жүзбаев, ветеринардык врач;
Акин Токталиев, адвокат;
Бердибек Жамгырчиев, акын, журналист;
Шайырбек Эркин уулу, жазуучу, журналист;
Нургазы Мусаев, журналист, жазуучу, блогер;
Максат Жумабаев, окумуштуу, социолог;
Болотбек Каримов, биология илимдеринин кандидаты, окумуштуу, эколог;
Коланов О.К., биология илимдеринин кандидаты, доцент;
Абжамилов С.Т., биология илимдеринин кандидаты, доцент;
Абдыкааров А.М., биология илимдеринин кандидаты, доцент;
Стамалиев К.Ы., биология илимдеринин кандидаты;
Айдаралиев Э.К.доцент;
Атабеков У.А., биология илимдеринин кандидаты;
Кенешов Б.М., химия илимдеринин кандидаты, доцент;
Боркошев Меражидин, педагогика илимдеринин кандидаты, илимпоз;
Роза Саркелдеева, Нарын университетинин окутуучусу;
Талант Канатбек уулу, журналист;
Айчүрөк Борукеева, журналист, коомдук ишмер;
Абдулла Ташиевич, фермер, блогер;
Райхан Таштемирова, филология илимдеринин кандидаты; ж. б.
Булак: NazarNews.kg