www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында эле “Улуу журт” деген партиянын тушоо кесүү салтанаты көл жергесинде өттү. Анын лентасын кесүүгө ал тургай легендарлуу парламенттин төрагасы болгон кадимки Медеткан Шеримкулов өзү барганы коомчулуктун бүйүрүн кызытты. Анын жанында кезинде өз башчысын аңга түрткөн Аргынбек Малабаев жүрдү. Жеңин түрүнгөн кээ бир тың чыкмаларды да баамдадык.

Бул партия жөн жерден эле чыга калбаганынын жайы бар экенин баамдоого анча акыл талап кылынбаса керек. Айтор, дагы бир “сары ооз” балапан партия жарык дүйнөгө келди. Эми анын кадамдары, алган багыты кандай болорун билүүгө аз эле убакыт калды. Себеби, көп күттүрбөй өздөрү эле шымалана билдирип коюшаары талашсыз.

Арийне, жаңы партия түптөп, парламенттик шайлоого аттанууга бел байлагандар жок десек жаңылышкан болобуз. Анткени кыргыздын бай саясатчылары, капчыгындагы каражаты чымчылап тынч койбогондор баары бир мандат алууга өлө куштар. Мээсинде акылга чыланган быдыры жоктор деле мындайда бир удургуп алары калетсиз. Ал эми “серый кардинал” атка конгондордун жөнү башка. Алардын жандоочулары да, колдоочулары да, акчага тоюндуруучулары да сөзсүз болот. Болгону бийликтегилерди чимирилтсе алса, колунда каардуу тизгини болсо эсеп. Убакыт аз калды, ошондуктан камдуулар эбак эле кантип, кимдер менен шайлоого барарын пландаштырып алышкан. Эмнеси болсо да калганын турнабай салып карап туралы?

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости