www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк алкакта тарыхы бар, чейрек кылымдан берки башка түшкөн кыйынчылыктарды жеңип келген социал демократиялык партияны оор учурда таштап кеткиси келбеген ак жүрөк адамдардын кылкылдаган тобу кайрадан катарга тизилишти. Анын лидерине эмес партияга жан тарткандар ырасында арбын экен. Ал эми кадыры үчүн эмес капчыгын сактап калуу үчүн жанталбас кылып кошулгандар киргилт сууга агып кетишти. Бузукулук кылгандардан, саткынчылык жасагандардан партиянын тазаланганы жакшы жышаан экенин баса белгилеп кетүү парз. Негизи партиянын турмушу да кудум адамдыкына түспөлдөш болору айкын сезилди. Качкандардын партиясы чөк түшүп, тарыхтан сызылды. Ал эми бийлигин мөөнөтүндө тапшырып берип, төө бастыга алынганына карабай алдастап качпаган Алмазбек Атамбаев башында турган партия акыры көздөгөн тилегине жетип, ал тургай сьезддин атаандаштарына салыштырмалуу таасирдүүөткөрүүгө жетишти.

Арийне, былтыркыга караганда партиянын лидери кыйла оңдонуп, түздөнүп алды. Акырындык менен коомчулукка жарганаттай жайылган тескери маалыматтардын абалын оңго келтирүүгө көп күчүн жумшады. Анын багытын ачуу тараптан арылтууга албетте такшалган жан-жөөкөрлөрү салымын кошту. Кандай болгон күндө да маалыматтык кармашуудан булар утукка татыктуу болгонун кыстара кетели. Ашка жүк, башка жүк болгондор тегеректеп алганда эбак лидерин жардан алыс кулатып жиберишмек. Кырчылдап кыл чайнашкан тирештерден ийгиликтүүөткөн соң кыйшыктардан тазаланып алууга шарт түзүлдү. Аз болсо да чыныгы берилгендер сапта турганда жеңилүү ызаасын тартпасына көзүбүз жетти. Иш ошондой чечилгенине керек болсо азуулуу саясатчылар да четте калбай калыс пикирлерин токууга аттанганы бекерден эместир? Ачуусун мурдунан “лампичке” кылып чыгарган Эмикелер, Бекболоттор, Эдилбайлар, Наримандар, Кеңешбектер, Сашкалар, Зулумбектер өчөйгөн жеринде катып калышты дегенге толук негиз бар. Текебаев айткандай поезд алдыга карай зуулдап кетип калды, арттан куугандар анын караанында чаң жутуп калышаары анык.

Мейли, сегизи келсе да баары бир партиянын тагдырына кайдыгер эместиги ачык көрүндү. Рыскелди Момбеков, Карамат Орозова, Анвар Артыков, Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Мурадыл Мадеминов, А. Самигулинага окшогон депутаттар сатылгандардын эмес атылгандардын катарында болууга даяр экендиктерин айгинелешти. Карапайым адамдардын калың катмары да Алмазбек Атамбаевге ишеним артышаарын билдиргенинен деги ким кынтык табаарына акылыбыз жетпей турат. Апрель ыңкылабынын астейдил каармандары да лидерин кандай күнгө туш болсо да таштабаарын далилдешти. Ток этерин айтканда КСДПны тарыхтан өчүрүүгө жасалган кыямат ишке ашпайт окшоп калды. Көрсө ушул партиянын амири менен мандат алгандар, төбөсү эчак көрүнгөн партиянын туура багытына шыктангандар гана ар кандай тоскоолдуктарга чыдап, катардан чийилбей кала берет турбайбы!

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости