www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Эскирип" бара жаткан саясатчы, жеке ишкер Урмат Барктабасов Фейсбуктагы өз баракчасында саясий талаада талашка түшкөн Раим Матраимов тууралуу пикирин жазды. Анда ал мындай дейт;
УРМАТ БАРКТАБАСОВ: Райым камалсын деген ураан көп чыгып калат.
Мен Райымды тааныбайм, бул бала Балыкчыдан да эмес. Бирок башы иштеген бала экен. Райымды бирөө түшүнүп айтат, бирөө түшүнбөй айтат, бирөөнү уга калып. Райымды күнөөлөгөнү контрабанда, таможнядан акча алып байып атат деп. Жетекчилердин талашы дал ушул контрабанда болуп жатат.
“Контрабанда” деген эмне? Кыргызстанга зыяны барбы “контрабанданын”?
Мен ойлойм Райымдын, Кыргызстанга зыяны жок болчу. Себеби келген заттар бүтүн Казакстан менен башка өлкөлөргө кетчү. Кыйкырып олтуруп өзүбүзгө-өзүбүз зыян келтирдик. “Растаможка” кымбат болсо бизге заттарды сатып алабыз деп эч ким келбейт. Дордой жалаң ошол заттар менен иштечү. Келген заттардын 90% четке чыкчу. Баары Хоргоско кетти. Өзүбүзгө-өзүбүз көр казып салдык. Бул заттарды далай Карго ташып берип каражат таап алчу. Бул тармак дагы жоголуп баратат. Эптеп экономика ошону менен иштечү. Россияда, Казахстанда базарда отургандар ошону менен жан багып жүрчү. Эми булар да кыйналат. Эми касса апаратын койдурат, ррастаможка базарга. Ызы-чуу болуп олтуруп бир чоң багытты өзүбүздү өлтүрүп салдык. Саясатчылар да ушул жерде акча таап алчу. Эми картошка же буурчак өстүрүү менен алек болобуз. Бул багытта Райымдын эч күнөөсү жок. Элдин байлыгына кол салган эмес.
Башка өлкөдөн келген ишкерлер менен мамиле түзүлгөн.. Байдыкын байкуш аяйт болуп атабыз. Эми эч нерсе жок. Саясатчылар, алардын жан-жөөкөрлөрү өкүрүп отуруп ушул болду. Ушул сыяктуу РФ бизнесмендер да бир бизнести талашып отуруп бири-бирин жамандап “заказ” берип олтуруп баары камалды. Жакшы байып, жакшы үй машинелерди алып жашачу эле.Кыргыз кыргызга арыз жазып отуруп баары камалды. Акчаны көтөрө да бөлүшө да албайт экенбиз. Ач көздөнүп олтуруп бул соода бизнеси да өчтү. Баарын айтып берип салдык, эми калганын башка өлкөдөгү адамдар ордуна коёт баарын. Мыйзамдуу жолго түшүп алсак эч чатак болмок эмес.
Мыйзам менен таможнядан башкасын азайтып койсок деле дурус болмок. Ушуну түшүнүктүү деле жазып бергем түшүнө албай койушту. Кыргызда белдүү балдар бар ошонун бири ушул Раим экен. Раим элдин чөнтөгүнө кол салган эмес.Туура карап койгула. Миллиондогон элдин камын көрүп, кызмат орундарын түзүп, акча тапканга шарт түзүп берген бала деп тааныдым. Мен бизнесмен катары оюм ушу, калыс сөзүмдү айттым. Кыргызстан “свободный зонага” айланыш керек. Бүт жагынан.. Заттар арзан болсо, соода болот. Бүт заттар биз аркылуу өтсө баарыңарга жумуш болмок. Растаможка арзан болбосо эч ким келбейт. Райымды саясатка аралаштырып салышты, башка кеп жок, зыян да жок. Акча, зат, электро энергия, жаңы технолгия ж.б.у.с баары өсөт, кенендик болсо. Тандаган тазга жолугат болуп калдык деген кеп, деп пикирин жазган Урмат Барктабасов.
Булак: NazarNews.kg