www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга белгилүү саясатчы, генерал-лейтенант Исмаил Исаков NazarNews.kg маалымат агенттигине учурдагы саясат тууралуу маек берди.

--Исмаил агай, 7-апрелде “Форумда” мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сүйлөгөн сөзүнөн “саясаттын кандай жүрүшүн” байкадыңыз?

--Менин байкашыма караганда, Атамбаевдин сөзүнөн Президентти каралоодон башка, 7-апрель ыйык күндү, окко учкан баатырларыбыздын арбактарын сыйлабай дагы бир жолу адаттагыдай «балп» этип жалгандарын айтып, жаш баладай ыйламсырап көз жашын төгүмүш болгонун көрдүк, уктук.

--Алмазбек Атамбаев “бутум баспай таяк танып болсо дагы Ак үй тарапка барамын, атса мени атсын, револиция болуп кетиши да мүмкүн” , дегендей айтты. Бул сөзү менен Алмазбек Шаршенович эмненин башын кылтыйтты...кечээги айткан сөздөрү, чакырыктары туурабы?

--Экс-Президенттин мындай чакырыктары өтө коркунучтуу, кооптуу жана бардык тараптан туура эмес болуп калды. Атамбаев ачуулука алдырбай, сабырдуулук кылса жакшы болмок. Ал өзүнүн «доорундагы» зордук-зомбулугу, мыйзамсыз иш-аракеттери, жеген-ичкендери жана апыртмалары четинен ачыла баштагандыгына байланыштуу келечегине чоң коркунуч пайда болгонун сезип, айласын таппай орустардын сөзүндөй «лучшее оборона, наступление» дегендей, былыктары ачылбасы үчүн «мен сени кетирем, керек болсо аксап болсо да сени жок кылам» деген ормон опузасы деп түшүнсөк болот. Атамбаев андан башка «саткындар-саткындар эместер менен» күрөшүп жатат деген сөзүнүн экинчи жагын мен, сурак берип жаткандарга «мени сатпагыла...» деп аларга берген аскер тили менен айтканда «условный сигналы». Көрдүңөрбү тигилерге «условный сигнал» жетээри менен Сапар Исакову дароо «мен апапакмыын, сатпаймын» деп жооп берип, мурунку «шефинин» көңүлүн тынчытты. Ошентип, бул “сигналдардын” артында чоң пландары бар экендиги билинип калды.

--Социалдык тармактарда жана коомчулук арасында Атамбаев кайрадан төңкөрүш жасайт экен деген сөздөр тарап жатат. Бул тарап жаткан “имиштерге” жана Атамбаевдин айткан сөздөрүнө КР Президенти Сооронбай Жээнбеков кандай мамиле кылып кандай аракеттерди жасашы керек, бирок унчукпайт...

--Албетте, ошондой сөздөрдүн тарагандыгына жана анын далили катары экс-президенттин өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч келе турган чакырыктарды айткандыгына байланыштуу бир эле Президент эмес Өкмөт, Башкы прокуратура жана башка тиешелүү мамлекеттик органдар адекваттуу чараларды көрүүсү зарыл. Бул жерде кайым айтыш деген болбош керек. Мыйзамдын алдында Атамбаевдин мурунку иштерине укуктук баа берүү бүгүнкү күндүн талабы болуп калды. Мына былтыркы күзүндө өткөн элдик курултайдын жана кечээ жакында өткөн СДПК партиясынын бир бөлүгүнүн сьездинин дагы чечимдерине көңүл бурсак, Атамбаевди жазага тартуу маселеси кабыргасынан коюлган, Президент ага дагы көңүл бурушу керек. Ошону менен бирге мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы, бакубат жашоо турмушу үчүн алгылыктуу иштерди аткаруу эң негизги максат болушу зарыл.

--Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кадр саясатында чоң катачылыктарды жасап кетти. Ошол катачылыктарды Сооронбай Шарипович убакыт күтпөй эле эрте аракет жасаса болобу же дагы убакыт күтүш керекпи?

--Эл арасында «кадр саясаты туура эмес, таза, иш билген кадрларды кызматка тартып, иштей албагандардан тез тазаланып,чечкиндүү кадамдарга барбайбы» деген сөздөр дагы айтылып жатат. Айтылган сөздөр бир жагынан туура, экинчи жагынан караганда Президент каалаганын алып, каалаганын кызматка койо тургандай анын ыйгарым укуктары андайга жол бербейт. Биз бул жагын дагы эске алышыбыз керек. Жакшы билесиңер Өкмөттүн курамын парламенттеги фракциялар түзөт, алар баарын устакандап бөлүп алышкан. Ошого карабастан акырындык менен жылыш болуп жатканы көрүнүп эле турбайбы? Менин оюмча баарына убакыт керек.

--Учурда коомчулук менен ал тургай Ак үй тарап деле ички майда барат ушактар менен алектенип, Кыргызстан эл аралык деңгээлде өзүнүн аброюн жоготуп алган жокпу?

--Мен бул пикирге кошула албаймын. Себеби президент бир дагы жолу ушактарга көңүл бурган жок. Буга коомчулук өзү күбө. Көпчүлүк сөздөргө маани бербей Атамбаевдей бакылдап чыгып алып ар нерсени сүйлөбөй, элди же саясатчыларды жамандаганын уга элекпиз. Жээнбеков ички сөздөр менен алектенбей тышкы саясатты бекемдөөгө салымын кошту. Атамбаев кетээрдин алдында коңшу президенттердин дарегине эмне деген гана сөздөрдү айткан жок. Казак, Түркия, өзбектердин президенттери менен кандай ахыбалда калып калдык эле. Мына ошолордун баарын азыркы президент түздөп, жолго салды. Менин оюмча тышкы саясатта туура эле багытта бара жатат. Коңшу мамлекеттер менен кайра ынак мамиле түзүлүп жакшы багытта кеттик.  

--Саясатчы катары айтсаңыз, учурдун жаңылыгы болгон Бабанов менен Ташиевдин биригүүсүн кандай кабыл алдыңыз?

--Инибиз К.Ташиев, Бабановду 4-5 күндөн кийин келет деп, анын жарчысы боло калганына мен таң калдым. Атайын пресс-конференция берип жар салгандай Бабанов «Рим папасыбы же космостон келе турган «инопланетянинби»? Ал болгону биздин жаран, Кыргызстандын жараны катары каалаганда кирип өлкөдөн каалаганда чыкканга укугу бар, эч ким ага чек койо элек, менин билишиме караганда, болгону Атамбаев учурунда ага Оштогу сөзү боюнча иш козголгон. Ал ишти бир гана соттун чечими менен же нары же бери кылыш керек башка жол жок. Ал үчүн жарчылардын кереги жок. Унчукпай кел, адвокаттарды ал, соттош, чеч болду. Жарчыларды кыйкыртып, билдирүүлөрдү жасап келишин шоуга айландырып жатса «илибойу» ойлойт, Атамбаевдин Момбеков айткан «жайлаймын» деген сөздөрү, сурак бергендери менен Атамбаевдин «условный сигналдары», Ташиевдин жары, Бабановдун билдирүүсү чоң оюнчулардын жана «режиссёр» Атамбаевдин түзгөн пландарынын иш аракеттери гана деп. Садыр инибиз ушул жол менен келип кайда барып токтоду! Ушул шоунун кереги барбы? Кереги жок.

--Алмазбек Атамбаев: “2010-жылда Сооронбай Жээнбеков башын коңулга тыгып жаткан”, деп айтты. Чын эле ошондойбу?

--Бул анын катардагы жалгандарынын бири. Ал канчалык калп айтса, ошончолук чындык ачык чыгып, анын өзүн уяткарып жатат. «Убакыт барын өз оордуна койот» деп бекер айтылбайт тура, Атамбаев «эки революцияны тең мен жасадым» деп кызарып татарбай эле бүткүл дүйнөгө жар салганын эч ким унута элек. Бүгүн анын биринчисине эч тиешеси жоктугу, экинчисинде “бульдезорлор”, ал кийинки ролдордо экендиги далилденди. Кечээ “Революцияны бийлик жасайт” деп айтты. Бийлик революция жасабайт, бийлик кантип өзүн-өзү «характри» кылсын? Бийлик өзүнүн туура эмес иштери менен гана шарт түзөт. Мына экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ой жүгүртүүсү...?! Жээнбековдор боюнча мен бир эле фактыга токтойун. 2010-жылдын 15-апрелинде Түштүккө качкан Бакиев, ”Ош шаарын борбор кылып, ошол жерден мамлекетти башкарам” деп, өздөрүнүн жактоочулары менен сүйлөшүп, Ошко барганда биздин алайлык, каракулжалык жактоочуларыбыздын башында туруп аны резиденцияга жеткирбей кинотеатрдын жанынан безилдетип кууп, Ош шаарын Бишкектей эле сактап калышкан. Мен Жээнбековдун 2010-жылдын июнь окуясындагы жасаган эмгектерин бул жакта эле калтырайын.  

--Рахмат.

Булак: NazarNews.kg        

Последние новости