www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу кыргызстандыктар! 

Урматтуу кыргыз элим!

Учурда саясий абал абдан оор, туңгуюктун сазына улам тереңдеп кирип баратабыз. Дал ошондуктан мен бүгүн сиздерге атайын кайрылуу менен чыгып жатам!

Урматтуу мекендештер, өлкөдө түзүлгөн абалдын улам оорлошуп бара жаткандыгынын эң негизги себебин мен өзүн толугу менен актабаган саясий системадан көрүп турам. Анткени, 2010-жылдагы окуялардан кийинки бийлик ээлеринин түзүп, азыркы жашап жаткан система менен биз мындан ары канча аракет кылсак да, өнүгө албасыбызды туйдук. Бул система менен иштеп жаткан өкмөттүн дагы, парламенттин дагы иши майнапсыз болуп, жылыштарга жетише албай келебиз! Демек, мындан ары биз элге таңууланган же толук парламенттик эмес, же толук президенттик эмес, аралашкан, дүйнөнүн бир дагы өлкөсүндө жок саясий система менен жашай албайбыз! Убакытты гана уттурабыз.

Дал ошол себептүү, биз өлкөнү тумандай каптап бараткан туңгуюктан алып чыгуу үчүн токтоосуз түрдө саясий реформаны баштоого тийишпиз. Ал кандай реформа? Биз конституциялык реформаны баштап, толук парламенттик системага же башкаруунун америкалык системасына өтүшүбүз зарыл. Биз бүгүнкү бийлик ээлеринен бир ууч саясатчылардын кызыкчылыгы үчүн түзүлгөн бузуку саясий системадан баш тартып, чыныгы өнүгүүгө алып келе турган саясий реформаны жүргүзүүнү сунуш кылабыз. Эгерде алар мындан баш тарта турган болсо, так кесе айтып коеюн, аны биз элибиздин жардамы менен баары бир ишке ашырабыз! Бул биринчи маселе!

Экинчиден, мага бүгүнкү күндө карапайым адамдар, аксакалдар көп кайрылып жатышат. Алардын негизги талабы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун саясий тирешүүсү, аны токтотуу, бул коомдук-саясий аба ырайын гана бузбастан, өлкөнүн өнүгүү темпине тескери таасир тийгизүүдө. Дал ушунун айынан да жаңы президент шайлангандан бери бир жарым жылдын ичинде эл күткөн өзгөрүүлөр орун албай, реформалар аксоодо. А бул экономиканын начарлашына, демек, эл турмушунун ылдыйлашына жетелөөдө.

Эки президенттин саясий тирешүүсү коомду экиге бөлүп, тынчтыкты бузууда, саясий кырдаалды кескин начарлатууда Мурдагы жана учурдагы президенттердин саясий тирешүүсү чоң жаңжалга алып бара жатат. Бул апаатты эмитен токтотуп калбасак болбойт, урматтуу мекендештер! Андыктан, мен президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевден саясий тирешүүнү жана массалык маалымат каражаттары аркылуу элдин бүйүрүн кызыткан саясий кайым айтышуусун токтотууга чакырам! Элибизге эн биринчи тынчтык керек. Эгерде жагымсыз кырдаалдар орун алса, эл гана азабын тартат, ага саясий тирешүүнү ким курчутуп ошого жеткизсе, ошол адам күнөөлүү болот.

Үчүнчүдөн, чыңалып бараткан саясий абалды стабилдештирүүнүн бир жолу катары мен сот-укуктук, адмнистративдик дагы реформаларды тездетүүнү, ошондой эле элдин арасында ар кандай каймана аттар менен аталып келе жаткан жөндөмсүз өкмөттү таркатууну көрүп турам. Элге бул өкмөт курамынан тажады! Ошондой эле, бийлик мурунку режим тушунда мыйзамсыз соттолуп камакта жаткан Садыр Жапаров, Өмүрбек Текебаев өңдүү саясатчыларды абактан чыгарышы зарыл. Бул элдин көптөн күткөн тилегин орундатуу болуп эсептелет.

Төртүнчүдөн, урматтуу мекендештер, акыркы кезде айрым саясатчы сөрөйлөр “Бабанов менен Ташиев кошулуп алып өлкөдө революция кылганы жатат”, “Камчыбек Ташиев оппозицияга ооду” деген сөздөрдү таркатууда. Дал ошондуктан, бул маселеге да чекит коюу үчүн оюмду айта кетейин...

Мен бүгүнкү бийликке оппозиционер эмесмин. Сооронбай Жээнбековдун президент болушуна аракет жасаган адамдардын бири экенимди бүт калайык калк билет. Ошондуктан, мен президенттин ийгиликтүү жана жемиштүү иштешин каалайм!

Бабанов боюнча. Туура, парламенттик шайлоодо бир болгонубуз чын. Жакында жолугуп, саясатты талкууга алганыбыз да бар. Мен ачык саясатчы катары бекинип жолугуп, жаап-жашырып чечим кабыл алган эмесмин. Бабановдун келиши боюнча айтсам, анын буга толук укугу бар! Шайлоодо эмнелер гана айтылбаган! Бабанов өлкөдөн керек болсо президенттик шайлоодон кийин түзүлгөн саясий оор абалды көрүп, кызматтан да эл тынчтыгын өйдө көрүп, чыгып кеткен адам.

Анын келишине шарт түзүш керек! Ага тагылган айыптар боюнча өз укугун коргоп, тергөөдө чындыкты далилдешине мүмкүнчүлүк бериш керек! Эгерде биз минтип башын көтөрүп, эл деген саясатчылардын баарын эле качыра берсек, анда Кыргызстанда ким калат!

Урматтуу мекендештер, менин азыркы убактагы чындыгым ушундай!

Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости