www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Урматтуу Жээнбеков Сооронбай Шарипович!
2010-жылы Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруусунан жана элдин жашоо турмушу оорлоп, карапайым элдин үнүн жогору жактагылар укпай калганда, балдарыбыздын келечеги үчүн 7-апрель күнү Ала-Тоо аянтына чыгып, форумдан мурду-башыман кан кеткенче ур-тепкиге алынып, автобуска биринчилерден болуп камалгам.
Ак үйдүн астында Данияр Дуңгановго сүйлөшүүгө кирем деп ок жеп, өмүр менен өлүмдүн ортосунан суурулуп чыккан кыргыздын баатыр кыздарынын биримин. Ошол маалда оюма эч нерсе келген эмес, бир гана Сагынбек Үметалиев Абдрахмановдун сөзү кулагьгма угулуп турду. Көзүмдү бир ачканымда «Артка жол жок! Бакиевдин үй-бүлөсү аттырышы мүмкүн, бирок биздин каныбыз текке кетпейт! Кыргыз эли, жери үчүн деп өтүп кетсеңер тарыхта каласыңар!» деген сөздөр кулагыма жаңырып турду. Кудайга шүгүр, ичээр суум бар экен, аман калдым. Октун калдыктары машинага тийип, оң жамбашыма чачырап, резинка ок менен жети жерге атты. Ошол каргашалуу окуя күнү кийип жүргөн кожа күрмөмдү Тарых музейине өткөрүп бердим. Күндөн-күнгө ден-соолугум начар, кыскасы бир күн оору, бир күн соо. Каргашалуу окуяга катышкан жана жаракат алган ар бир жаран ден-соолугунан жабыркап келет. 2010-жылы 7-апрель окуясына катышкан жарандардын ичинен 47 адам каза болду. 2010-жылдын май айында «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмеси ачылып, 520 бала катталган. Ушул күнгө чейин бир тууган ага-ини, эже-сиңдидей катташып келебиз.
Ошол коомдо медико-социалдык тармакты башкарып, көзөмөлдөп келгем. Андан сырткары иш кагаздарынын негизинде социалдык жактан муктаж жарандар менен иш алып бардым. Жыл аягында форумда чогулуп, коомдук бирикменин отчетун берип, кийинки жылга коюлган маселелердин үстүндө талкуу жүргүзүп, төрт жыл ынтымакта иштеп келгенбиз.
Качан гана «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесине Мээрбек Мискенбаев, Амантур Жамгырчиев жана анын кол алдындагы балдар келгени интрига, коррупция, узурпация баштадцы. Тактап айтканда, Мээрбек Мискенбаев ГП Кыргыз көмүр ишканасынан «Азия Трано аталышындагы ОсОО ачып, анын арты менен жаракат алган балдарга деп 2 136 120 сомду өз чөнтөгүнө жумшап жана эки миллион сомду жеп койгон. Муну мойнуна алган Мээрбек Мискенбаев Свердлов районунун УГНСке 200 ОООге жакын штрафты 10%ы менен төлөйт. Бирок кылмыш иши козголгон жок, иш жабылып калган. Анткени үстүндө Фарид Ниязов турат. Үч жолу, «мен үчүнчү жак болгондон кийин үнүмдү угуп коюңуз» деп кат жолдодум. Кабыл албай, өкмөт чыгарган 173-буйруктун ыйгарым укугун одоно бузуп, иштеп жаткан жумушумдан алып койду. Мени куугунтукка алып, «сени өлтүрүп кетебиз» деп коркутканга чейин барышты.
Туруктуу үйүм жок, батирден батирге көчүп, чөнтөк телефонумдун номурун улам-улам өзгөртүп, качып жашайм. 8-фералда Улуттук коопсуздук коммитетиндеги жыйындан кийин жабылган иштер ачылып, Мээрбек Мискенбаевдин ишине тергөө иштери башталды. Бийлигинен да, байлыгынан да ажырап калаарына көзү жете баштаганда мени коркутууга өтүштү. Менин бийлигим да, байлыгым да жок. Бар болгону колумда эмчектеги 5 айлык балам менен коркунучта жашап келем. Болгону жаракат ал-ган балдарга жаман сөз тийип калбаса. Чындык издеп, ботодой боздоп, кайрылбаган жерим калган жок. Мыйзам чегинде Мээрбек Мискенбаев менен Амантур Жамгырчиев жана алардын жан жөекөрлөрүнө аз убакыттын ичинде чара көрүлбөсө, булар мени өлтүргөндөн кайра тартпайт. Урматтуу Сооронбай Шарипович, менин өмүрүм коркунучта! Тиешелүү органдарга тапшырма берип, менин өмүрүмдү сактап калууңузду суранам!
2010-жылы 6-7-апрель күнү болгон каргашалуу коогалаңдын катышуучусу жана жаракат алган кыргыз мамлекетинин жараны Алымкулова Марипа Мукаметовна.
Булак: Ачык саясат