www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түп РЭСинин жетекчиси чектен чыгууда

«Чыгыш Электр» ААКсындагы шалаакылыктар жөнүндө өткөндө бир айтылды эле, бирок алешемдиктер орун алганы токтободу. Маселен, Түп райондук РЭСинин Сабатаров Бакыт Рыспекович деген жетекчиси бар. Ал ишинде кеткен кемчиликтерди жана кол алдындагы кызматкерлерди тартипке чакыра албай келет. Бизге жеткен маалыматтарга жана дооматтарга караганда, Сабатаровдун ишинде одоно кемчиликтер бар экен.

Өткөн жылы Токтаян айылындагы маданият үйүндөгү электр эсептегич 156 201,40 сомго чыгып кеткенге чейин, электр эсептегичтеги сандардагы туура эмес көрсөтмөлөр менен зсептеп жүрүшүптүр.

Ошондой эле, Талды-Суу айылында тургундардын электр эсептегичтерин алмаштырабыз деп, айрым абоненттерден 3000 сомдон алып жүрүптүр. Муну жетекчиси билбейт экен. Ошондой эле, Сары-Дөбө айылынын тургуну Букашевден 300 сом ашыкча жазып кетишкен, анын арызданганына Сабатаров ороңдоп, оң жооп бербей келет. Айтор, бул баланын жергиликтүүлөр менен жакшы иштеше албаганын аитышат. Бул боюнча дагы иликтейбиз...

Булак: Ачык саясат
 

Последние новости