www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековко,

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаметкалый Абылгазыевке,

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовко,

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасына,

Кыргыз Республикасындагы жарандык активистерине,

Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы Кубат Оторбаевке,

Кыргыз эли баалап сыйлаган элдин ишенген Сайкал кызы болгон Рита Карасартовага

КАЙРЫЛУУ

Мен, Бурканова Канават Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын Ак-Булак айылынын Крупская 17- үйүндө жашап, Кызыл-Кыя шаарынын Жусубалиева көчөсүнүн тургуну эки көзү азиз Маматова Акмөөр Төлөновнадан  870 000 сом акча алып, үй-бүлөөмдөн да ажырап, бала чакам ар жакта калганы аз келгенсип жанымды да алгыдай ар жерде ур-токмогуна да чыдап чындыкты издеп келатам.

Маматова Акмөөр, Кызыл-кыя шаарынын эң бай манаптарынын  бири, үйлөрү мага окшогон мыйзамды билбеген карапайымдын көз жашына салынганы салынып, элита үйлөрдүн бир бүтүн подьездер сатылып алынган батирлери байлыктары эсепсиз топтогон. Маматова Акмөөр Кызыл-Кыя шаарынын прокурорлорун сатып алган, себеби прокурор мени кабинетине чакырып берип өлгүдөй урдурган. Мен токмок жеп чыдабай сыртка качып чыгып 102,103 ту чакырсам да мыйзам мага окшогон акчасызга иштеген жок. Араң орууканага жатып өзүмө келдим. Жолдошума балта көтөрүп кууп ашатып уят сөз менен сөгө бергендиктен жолдошум экөөбүз да 40 жылдык турмушубузду жыйыштырдык. Мен тентип көчөдө жүрөм. Койчу, Кызыл-Кыя шаарынын прокуратура, милициясын сатып алган. Сотко берип токмок жегеним боюнча административдик штраф менен гана чектешти Маматова Акмөөрдү.  Элдин айтуусуна караганда прокуратура милицияда процентке акчалышат дейт.Мисалы Акимбаев Алтынбек менен Маматова Акмөөр ачык күнү-түнү сүйлөшүп, консультация берет өзү Маматова Акмөөр мактангандай. Прокуратура өзү коркот Маматова Акмөөрдөн. Мага мыйзам жок, менин көзүм азиз, мен өлтүрсөм дагы мени камабайт деп катуу сөгүнгөндө жүрөгүм кармап оорукчан болуп түгөп бүттүм.

2015-жылы 870 000 сом карыз акча алып айына жалпы бир миллион эки жүз элүү жети миң сом берип да проценти менен кутула албадым. Мени милицияканада канча ур токмоко алды Маматова, милиция тамаша кылып гана тим болот. Ал эми Кызыл-Кыя шаарынын саткын соттору менде акчам жок пара бере албаганымды билип, сотко мени катыштырбай чечип салган учурлар болду.

Мына Урматтуу Сооронбай Шариповичтин коррупцияга күрөшүү  аёосуз жүргүзөм дегени менин үмүт  жанып, ыйлап, боздоп түндөп жазган катымды окуп жардам берүүңүздөрдү суранам.

Маматова Акмөөр Мамлекетибизге бир сом салык төкпөй, органды сатып алып, коркутуп алып баарын азаптап жатат. Мунун колунан токмок жегендердин өз жанын кыйган болду. Мен президентибиздин адилеттуулук орнотуу иштерин катуу жүргүзгөндөн өз жаным кыйгандан ары ойлонуп күрөшүүнү чечтим.

Бизди дайыма Маматова Акмөөрдүн ишенген тиреги Дастан Бекешов менен коркутканы учун дайыма коркуп келдик. Дастан Бекешов эмнеге мындай каракчыларды кан ичкичтерди колдойт. Дастан Бекешовко айтсам камап берет деп, эки сөзүндө мен далили жок болсо прокурорго акча берсем акты да камап берет деп прокурорлор солдаттарыбы айтор, прокуратура дайыма Маматованын арызы карап ак адамды да камаган учурлар көп эле болду.

Маматова Акмөөрдүн өтө чоң хан сарайларда жашап үйлөрдү алып катар катар, соц.коргоо тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн катарында пособия алат.

Менин суранаарым менин Маматова Акмөөрдөн азап чеккениме жана бир этек баламдын, неберелеримдин жалгыз ылайдан жасалган үйүбүздү талашып жатат. Маматова Акмөөрдүнн процентке акча бергени боюнча мыйзамдуулугуна фин.пол. юридикалык баасын берип, кордолгондорго да жардам колуңуздарды сунуп, менин сот иштеримди саткын паракор Баткен облустундагы Кызыл-Кыя жана Баткен облустук сотунун мыкаачы паракор сотторун көзөмөлдөп берүүңүздөрдү  суранам. Канчалаган бейкүнөө адамдарды камап жыргашты. Адилет сот орнотууңуздарды суранам. Акчанын кулу болгон Кызыл-Кыя прокуратурасы менен Атамбаевдин оң колунун жээни Кызыл-Кыя шаарынын ИИБнун башчысы Акжол Аширбаевтин паракор крим.бандасын, акча тоноочу малекет  тарабынан каржыланган мафиясын тазалооңузду суранамын. Буга чейин мыйзам иштебей кордолуп бүттүм. Өзүмдү өлтүрөм деп айла жок балдарым учун азыр ар жерде кара курсагымды тойгозуп түртүндү болуп жүрөм Маматова Акмөөрдүн айынын. Мыйзам иштөөсүн гана талап кылам. Маматова Акмөөр канчалаган жолу мени өлтүрөм деп коркутту. Мага берген акчасыны «мен черныйлардын акчасыны бергемин, черныйлар сени өлтүрүп кетет деп коп жолу алкымымды кекиртегиме келтирип коркутуп ,азыркы күндө бир күн да даарысыз жашай албай калган күнгө жеттим.

Кайрылуу менин журогумдон ыйлап көз жаштарым агып жатып  жазылганын билдиремин.

Кайрылуу ээси: Бурканова Канават  0776 63 10 08

Булак: NazarNews.kg

                                                                                                                                             

 

Последние новости