www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында баласын сабап, өлтүрүп койгон 24 жаштагы А. Д. аттуу келин 13 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Ош облустук сотунан кабарлашты. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Аял Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (“аягы адам өлүмүнө алып келген, ден соолукка атайылап залака келтирүү”) боюнча айыптуу деп табылды.

4-февралда Ош облустук ооруканасынын реанимация бөлүмүнө оор жараат алып, эстен танган баланы энеси алып келген. Ал 2 жаш 8 айлык уулу “тепкичтен кулап кеткенин" айткан.

Догдурлар текшергенде наристенин денесинде көгала тактар болгон, ички органдары жабыркаганы жана мээсине кан уюп калганы аныкталган. Тергөө учурунда аял баласы "тил албай койгондуктан" депкир менен сабаганын мойнуна алган.

24 жаштагы келинге Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси ("Бейбаштык") боюнча кылмыш иши козголгон. 11-февралда бала чарчап калган. Андан кийин милиция айыпты 97-беренеге (“Киши өлтүрүүгө”) өзгөртүлгөнү кабарланган. Кошумча 104-беренеси (“аягы адам өлүмүнө алып келген, ден соолукка атайылап залака келтирүү”) боюнча да айып тагылган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости