www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ жакында С.Исаков КСДП лидеринин орун басары болуп дайындалды. Дайындалганы ушул – А.Атамбаевдин жеке чечими болду. Айтмакчы, А.Атамбаев Сапар Исаковду бир нече жолу өзүнүн «оң колу» экенин айткан жайы бар. Кыска убакыт аралыгында президенттик аппараттагы бөлүм башчылык кызматтан бакандай премьер-министрликке чейин көтөргөн.

Баса, А.Атамбаев президент болгонго чейин С.Исаков качкын президент К.Бакиевдин уулу Максим менен ЦАРИде чогуу иштеп, айтор күн тиген жердин күкүгү болуп келген. Андыктан, саясый күрөштө өз позициясын көрсөтө албаган клеркти өкмөт башчы кылып коюнун өзү осол иш болгон десек болчудай.

Ал эле эмес, коррупциялык иштерге аралашып, бизнесмендерге «крыша» болуп, үлүш алып жүргөнүнө кандай баа беребиз. Маселен, «Авангард стиль» курулуш компаниясында үлүшү бар деп келишет. Андан сырткары Кытайдан тоок эттерин ташып келип, аны Кыргызстандын аймагында реализация кылууну да толугу менен көзөмөлдөйт. Кечээ жакында эле борбор калаабыздагы «Ала-Тоо» ресторанынан тоок этинен жасалган тамактан 240 адам ууланган. Ошондо ал «ууланууга» С.Исаковдун да тйиштиги бар болуп жатпайбы?

Ишенимдүү булактардан алынган маалыматка караганда Кыргызстанга келчү баардык инвестициялар С.Исаков аркылуу өтөт. Мындан улам мамлекетибиздеги ири долбоорлорду реализациялоодо К.Султанов менен кытайлык «China Road» жана ТВЕА компанияларынын ортосунда ортомчу болгон. Айтор С.Исаковдун былыгы чачтан көп.

Анан ушундай адамды, тактап айтканда КСДП мүчөлөрү саясый күрөштө кан кечип салгылашып жүргөндө Максимдин жанында жылуу орунда отурган Сапардын бүгүн КСДПга орун басар болуп келишинин өзү көп суроолорду жаратууда. Мунун өзү КСДП партия катары чоӊ кризиске кептелгенин айгинелеп тургандай. Болбосо КСДПнын чыныгы мүчөлүрү неге үн катпайт дейм да.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости