www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кайсы курактан тарта арыктоого болбойт

60 жаштан өткөндөн кийин адам арыктоого аракет кылбай эле койгону оң. Бул тууралуу геронтолог Юрий Конев айтып берди. 

"Дарыгерлер арасында улгайып калган адамдарга арыктоо үчүн диета кармаганга болбойт деген түшүнүк бар. Анткени бул куракта зат алмашуу процесси жайлап, организмде көп нерсе өзгөрөт. Ага күч келтирбей эле койгон туура", — деди Конев.

Бирок адис ашыкча салмагым бар деп эсептеген адамдарды 60 жашка чейин арыктап, дене боюн калыбына келтирип алууга үндөйт.

"Бул куракка чейин ашказанды кичирейтип алган оң. Жаш өткөн сайын организм энергияны азыраак талап кылып калат. Бирок жаш кезде көп тамак жеп, чоюлуп калган ашказан ошол эле өлчөмдөгү тамакты жемейинче ыраазы болбойт", — деп түшүндүрдү адис.

Ал эми ашыкча жеген тамактын бардыгы энергияга эмес, майга кетип калары кошумчаланды.

Булак: NazarNews.kg



 

Последние новости