www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ат-Башы райондук аймактык ооруканасынын балдар бөлүмүнүн дарыгери Шакен Мамбеткадырова балага берилип жаткан упчунун көп тараптуу зыяндуулугун айтып берди.
«Упчунун оң жана терс жактарын көпчүлүк ата-энелер түшүнүп-түшүнбөй эле бере беришет. Пайдасынан да зыяны көп. Биринчиден упчу эмген баланын нервдик-психикасы бузулат. Балдардын соруу рефлекси бар. Ошондуктан соргонду жакшы көрүшөт. Ушундан улам эмгиси келип жатат деп упчу берип коюшат. Ал эми упчуну көп соргон бала упчуга аябай көнөт да кийин упчусуз жүрө албай калат», - деди ал.
Ш.Мамбеткадырованын айтымында, упчу көп оорулардын өрчүшүнө алып келет.
«Зыяндуулугун айрыкча жаш энелер түшүнө беришпейт. Баланын организмине упчу аркылуу ашыкча инфекция кирет. Аны ар бир беш мүнөт сайын эч ким кайнатпайт, тазалабайт. Упчунун кийимине илип коюшат. Көчөдөгү чаң, микроптордун бардыгы упчуга учуп келип жабышат. Кээде энелер упчуну оозуна салып, шилекейи аркылуу тазалап, баласынын оозуна кайра салып коюшат. Анда тескерисинче балага ашыкча инфекцияларды киргизип алышы мүмкүн. Ошондой эле упчу соргон баланын тиштери туура эмес чыгат. Мисалы үстүңкү эки тиши астыга карай кетет»,- деди ал.
Бала упчуну эмчек деп элестетип, эмип жата берерин айтат.
«Наристенин ыйлаганы же болбосо тилин кыймылдатканы эмчек издеп жатканы. Упчу берип коюп, баланы убагында эмизбей коюшат. Ошол кезде бала эмген болсо баланын тамактануусу жакшы болот. Эгер эмбей калса, эмгендин аралыгын алыстатып жиберет. Ачка эле резинаны соруп жата берип, эмчек эмип жатыптырмын деп ойлойт, билбейт», - деди ал.
Анын айтымында, жакшы эмчек эмбеген бала көп ооруйт.
«Эгер упчу кир абалында берилсе, бала ичи өткөк жана мите курт ооруларынын түрлөрүнө чалдыгат. Салмагы түшүп, арыктай баштайт. Салмагы бузулган балдар бардык ооруну абдан оор кабыл алат. Энелер баланы бешикке бөлөп, упчу салган абалда термете беришет. Убагында эмизбейт. Ыйлаганда энеси дароо отуруп алып, жарым саатка чейин эмизиши зарыл. Жакшы эмчек эмбеген бала көп ооруйт. Сасык тумоону оор кабыл алат. Ич өткөк болуп, мите курт оорулары менен да ооруйт. Мите курт баланын организмине эң керектүү заттын баарын жеп алат», - деди ал.
Тазалыктын жоктугунан улам наристелер жабыркайт.
«Упчу эмген балага көпчүлүк учурда бөтөлкө менен сүт беришет. Азыркы тапта гигиена жакшы өрчүй элек. Ар бир тамактанууда бөтөлкөнүн ичин жышып, самындап жууп, эч ким кайната бербейт. Жуулуп, тазаланбаган абалда упчу менен тамактандыра беришет. Бул ашыкча инфекция ич өткөккө алып келет. Кенедей балдардын ичи өтүп, кыйналышат», - деди ал.
Булак: NazarNews.kg