www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кайсы учурда шайлоо жокко чыгат? БШКнын жообу

"АСУну иштөө учурунда көрсөтүүгө мыйзам жол бербейт", - деди бүгүн, 9-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов.

- Абдыжапар мырза, Жогорку Кеңешке шайлоо кандай системада өтөт? Шайлоочулар кантип добуш берет? Колунда канча бюллетень болот? Кандай учурда бюллетень жараксыз болот?

- Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда өтөт, аралаш система менен. Тагыраагы, 54 депутат пропорцияналдуу жана 36 депутат можаритардык система боюнча бир мандаттуу округдан шайланышат. Жаңы система боюнча шайлоочу партияга анын ичиндеги белгилүү бир талапкерге добуш бере алат. Ошондой эле бир мандаттуу округдан да ошондой добуш берет.

Бир бюллетень баарына жетет, анда партиядардын тизмеси жана туштарында бош квадраттар бар. Партияны тандап талапкерди белгилебесе жарактуу, ал эми талапкер тандалып партия көрсөтүлбөй калса жараксыз бюллетень болот. Экинчи бир мандаттуу округ үчүн бюллетенде анда аты-жөнү туулган жылы жана туштарында белгилөө үчүн бош квадрат турат.

- Негизи шайлоочуларды туура добуш берүүгө ким үйрөтүшү керек?

- Туура добуш берүү үчүн маалымат берүүнү мамлекеттик органдар, участкалык комиссия, партиялар жана башкалар үйрөтүшөт. Биз тараптан да бардык партиялар жана талапкерлер тууралуу маалыматтар ММК аркылуу жарыяланат. Ошондой эле, БШК сайтына да илинет.

- Акыркы мезгилде шайлоо жараксыз болуп калган учурлар орун алып жатат. Шайлоо жарактуу болушу үчүн канча бюллетень керек?

 - Пропорционалдык система боюнча жана бир мандаттуу окуругдан үчтөн бир бюллетень жараксыз болсо шайлоо жокко чыгат. Андай учурда БШК шайлоонун жокко чыккан себептерин изилдейт. Ошол маселенин үстүнөн иштейт.

- Эки башка система менен шайлоодо АСУ оңдоп отурушпайбы?

- Жок.

- АСУну иштөө учурунда журналистерге көрсөтүп туралы деген оюңар барбы?

- АСУну иштөө учурунда көрсөтүүгө мыйзам жол бербейт. Анткени добуш берүү купуя болушу керек.

- Эми ушунун баарына каражат жетишеби?

- БШК аппараты жана жумушчу тобу парламенттик шайлоого канча каражат кетээрин жакында тактап бүтүп жарыя кылат. Мурунку шайлоолорго 450 млн. сом кетчү. Азыр аралаш система болгондуктан каражат көп кетсе керек...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости