www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын жергесинде кыш башка аймактарга караганда узактыгы жана катаалдыгы менен айрымаланат. Бул жердин тургундары негизинен мал менен жан багып келишет. Арийне, кышында көмүр, отун, электр энергиясынын ролу өзгөчө. Буларды жетиштүү камдай албаса, свет улам өчө берсе татаалдык жаралат. Мындай көйгөй жылына эле кайталанып келатканы жалган эмес. Камдуулар кабагым-кашым дебей эле жашоосун өткөрүп, ызы-чуусу жок жүргөнү ырас. Ал эми жумурткадан кыр чыгарууга көндүм болуп калган бирин-экин куйтулар кээде түз жерден буйтка издешет. Ал тургай борбордо туруп алып губернатордун дарегине бап келбеген “икаяларды” жаадырткандар деле арабызда кылтыйып баскан кези. Бул бирөөнүн арыгына суу жүргүзүүнүн эле амалы деп койсок болот.
Ошентсе да Теңир тоонун губернатору Аманбай Кайыпов таптакыр эле бир орунда “буксовать” этип калды дештин өзү реалдуу эмес. Иштин көзүн билип калган жетекчи ыңгайлуу келишимдерди көз кырынан чыгарбоого ынтызар. Элдин турмушун оңдоого карата болгон кыймылдары эми үзүрүн берчүдөй болуп турат.
Негизи нарындын этинин, мал терисинин, жүнүнүн башка азыктарынын касиети жогору. Бекер жерден түркиялыктар бул жердин экологилык жактан таза, сапаттуу азыктарына сугун арткан эместир? Ошентип кыштын жарымын сүрүп чыгарып салдык. Аманбайдын ордуна кимди кудалап жибергенин деле бааамдоого алып коюш ашыкча болбойт. Кыскасы Кайыповдун кыр ашуучу мезгили баш багып калды. Буйруса жакшы иштер жүзөгө ашат.
Булак: "Ачык сөз"