www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кирип келген ит жылынын ава ырайы жылуу тартып карапайым элге запкысын тийгизбеди. Арийне, анча-мынча сууктун капшыты болушу да ыктымал. Кантсе да кыштын өзүнчө каары бар эмеспи. Ишке батыл киришкен ажо оболу эл алдында берген убадасынын өтөлүнө чыгуу үчүн күч түзүмдөрүнүн лөктөрүн чогултуп жооптуу тапшырмаларды моюндарына такты. Антип өзү айбаттуу киришпесе жүр-нары “илдетке” көндүм болуп калган атка минерлер “акча сааган” адатынан жанбай коюшу кеп эмес болчу. Ажонун кабак салып туруп берген тапшырмаларына мындан ары салкын мамиле болушу мүмкүн эмес. Жаңы шыпыргынын алибеттүүлүгүнөн шек саноого жарабайт. Башында жумшак көрүнгөндүктөн ишти жөндөп кете албайт деп арсалаңдап тетириленгендер учурда оозуна талкан толтуруп алгандай унчукпай калышты. Болгону ары жок, кеби таасирдүү эместер эле кемшеңдемиш түр көрсөтүп жаткан кербези. Эми алардын деле сыры, кудурети жансыз экенин коомчулук илгиртпей билет.

Анда эмесе кепти чордонунан баштайлы. Сокенин сүрүнөн айбыгып эле эмес жүрөгү түшүп өлкөдөн качкандардын туу башында кимдер болду? Чү дегенде эле өткөн шайлоодо илибой “жоону сайып таштайм” деп добулбасын кагып, узун керней-сурнайын чайылдаткан Өмүрбек Бабанов безип кетти. 65 пайыз добушту бөктөрүп, 15-октябрда мен президент болом деген олигарх утулуп калар замат кошоматтанып, Сооронбай акесин куттуктап жиберди. Ошентсе да кол башындай тополоңдорду жергесинен чыгартып байкоого алса андан майнап чыкпасын акыры түшүнүп чет тарапка зуу койду. Аны укмуш “баатыр” эсептеген колдоочуларынын шаабайы сууп турган убагы. Ал тургай аламан жарышка түшүп жүргөн айрым “мыктылардын” колундагы чылбырын көз ачып жумгуча шыпырып алып коюшту. Бири каңгайга, экинчиси күңгөйгө кетүүгө аргасыз болду. Ал тургай Канат Исаевдин бутуна кишен салып ташташты. Аны канчалык көтөрмөлөсө деле андан эми пайда чыкпайт. Анткени ал акчаны кокуштап берип жатканын өзү деле таналбайт. Көлөкө сыяктуу жүргөн Фаркат Иминовдун да тагдыры кыйчалыш болуп калганын көбү сезип турат.

Акыйкатын айтканда Өмүкенин тарапташтары мындан кийин анын дулдул экенин үн чыгарып айта алышпай калды. Себеби, Бабанов өзү мындан ары карай саясаттын “жоокери” боло албасын моюндады. Ал жөнүндө таптакыр эскербөөнү жазмакерлерден суранды. Бирок, балээни токтошобу? Улам кепти жаңыртып, Бабановчо ким саясаттан чыгат деп келеке кыла беришери турган иш. Чамасы бизнесин сактап калууга аракет жасап жатканы бештеги балага да маалым болгонун неге жашырмак элек? Кыргызстанга баш бага алабы деген суроого түз эле жок деп коюуга негиз бар. Бекер жерден ал орус жергесине илгери эле завод курбаптыр да? Демек, ал өзүнүн тагдырын алдын-ала сезген турбайбы, чиркин! Ошентип дайыма марага экинчи болуп келип байге алып жүргөн партиянын туяктары жооруп калганын сезүү кыйынчылык жаратпайт. Жашылбайларын кымырып-кымтып алгандарга албетте оор болду. Баягы акынмын, тамадамын, укмуш саясатчымын, ортомчулукту шумдуктуудай жасаш колуман келет дегендер күйкөдөй томурайып калышканын деле көрүп турабыз. Баш бакан болом деп үмүттөнгөн Бакыт Төрөбаевдин деле оозунан алласы түшкөн убак.

Дагы бир коомчулукту дүрбөлөңгө түшүргөн кишинин чет жакка чыгып кеткени боюнча жаңылыкты уккандар эмдигиче кулактарын тикелете албай турушат. Бирок, Раимбек Матраимовдун бул жоругуна башка түр сыйпоого аракет кылгандар чыга баштады. Качкан жок, ушул жерде эле куунак жүрөт деп безеленишет. Эгерде коррупцияга тиешеси жок болсо ал алакачма кептерге жол бермек эмес. Керилип туруп, ошентип айткандардын акесин таанытмак. Өзүнүн кылык-жоруктарын моюндаган үчүн үн чыгарбоого мажбур болду окшойт. Кызматтан шектүү беренелер менен бошотулганы көп нерседен кабар берип турбайбы? Бажы тармагынын башындагы жетекчисин да иштен сүрүп салышты. А. Сулайманов деги кайсыл топко кирет? Тазасынабы, же колу киринеби? Буга чекитти балчайтып тийиштүү күч түзүмдөрү койсо керек? Негизи күбүр-шыбыр кептин көп учурда чындыгы болот турбайбы? Ошондуктан жаңыдан туурга конгон, булгана элек өкмөт башчы Сапар Исаковдун ручкесинин керемети аркылуу Раимбекти аттан оодарып түшкөн шекилди. Коррупция менен чындап күрөшөбүз деген бийликтин мындай жүрүштөрү элди ынандыра баштады. Ал эми ошондой арам жолго түшүп алгандар болсо эми мен кантээр экемин деп санаасы санга бөлүнгөн кези.

Арийне, шылтоо издөөнүн түркүн амалдары бар. Шайлоо бүтөр замат мына биз Кара-Суудан С. Жээнбековго 103 миң добуш алып бердик деген кыйындар ким экенин жакшы билебиз. О-оо кокуй башкалар текей терип жүрдү беле, биз деле шайлоодо тызылдап чуркап атып ошончо добушту жыйноого үлүш коштук. Эмне биздин кылганыбыз көрүнбөйбү дегендер деле болгону ырас. Анан кадимки эле Камчыбек Ташиев Раимбектин атын чыгарууга белсенип, аргументтерин жаадырды, аз келгенсип гезити аркылуу “Жылдын адамы” деген номинацияны бердирди. Анысын деле үзүлүп түшүп алган жок. Анткени аны мындай ыкма менен коргоп калууга шарт деле түзүлмөк эмес. Жердеши катары коргоп койсом неге болбосун деген ой менен элге таанымал жазуучу Султан Раев дагы Матраимовдун арыгын жакшылап чаап берди. Эмнеси болсо да актануу аракетин катуу жасашты. Баары бир Сокенин тилин таба алышкан жок. Бири да ортого түшүүгө эрки жетпеди. Анткени Сооронбай Жээнбеков эч убакта бетине көө сыйпалгандарды, айрыкча коррупцияга кептелгендерди колтугуна киргизбейт. Керек болсо жакын туугандарын да туура эмес иш кылса аябайт. Сыртынан жумшак көрүнгөнү менен арам иштерге чабуулу кудуреттүү. Мына ошол себептүү мурда мурдун балта кеспеген Раим “миллион” көздөн кайым болгону турат окшойт. Эми анын кесепети башкаларга кандай болот убакыт көрсөтөт.

Ажонун колунда 35 коррупционердин тизмеси бар экенин жамы журт билери маалым. Булардын так атын коомчулук толук биле элек. Антсе да андай көмүскө топтун арасына кимдер кирип калганын божомолдоп жаткан кез. Албетте, тизмедегилердин ичине мышык киргендей абалда десек аша чапкан болбойбуз. Арамдык менен чогултулган байлык баары бир ошол адамдын өзүнө душман болуп берерине мындан ары ишенсек болорун мезгил тастыктайт. Ошолорду күч түзүмдөрү кустура баштаса эле казынага миллиарддаган акчалар түшөөрү калп эмес. Андай заман келсе карапайым элдин күткөнү аткарылмак. Жолдор салынып, айылдарга таза суу жеткирилип, бала бакчаларда кичинекейлердин күлкүсү чыгып, чакан ишканалар курулуп, мигранттар алыска кетпей, дыйкан, фермерлер ишке киришип абалыбыз оңоло баштамак. Жүз гектарлап жерди ээлеп алган олигархтардын, кыймылсыз мүлктөрдү сокур тыйынга сатып алган күркүлдөрдүн бети ачылып, акыйкат жашоо келмек. Шайлоолор акчанын амири менен бааланбай, татыктуу жаштар, мекенге ак дилден кызмат кылууга жарагандар менен толукталмак. Ошондо таза шайлоо болгонуна эл ынанып, бакубат турмуш, жаркын келечек үчүн добушун беришмек. Бөйрөктөн шыйрак чыгаргысы келгендердин доору аягына жетмек. Талапкерлердин тыйынына көзүн кызарткандар арабыздан жоголмок. Жылма чечендердин заманасы куурулмак. Оозун жалаяктай жалпайткандардын жомогу бүтмөк. Айтор, алгачкы бороз тартылды, эми аны токтотпой улап кетүү талап этилет. Буйруса ажобуз ушундай айкын жолду тандап аларына ишеним жок эмес. Негизи коррупцияга чабуул башталды, анын үзүрү сөзсүз болот.

Коррупция дегендин жүзү болбойт, колго кармалбайт. Ал тургай ошого бап келген адамдарды элибиз кадырлап, төргө отургузуп, учасын тарта коюп жүргөнү эмне калппы? Учурда баштагыдай байлар дардалаңдай албай калышты. Антсе да азыркы ажобуз бул жаатта бир тараптуу күрөш жүргүзөт деген пикирден алыс болорубуз сезиле баштады. Маселен, Раимбек Матраимовду эркелетип, кызмат берип салганда ошол эле Мирлан Жээнчороев, Кенжебек Бокоев, Максат Сабиров, башка Бабановчулар чуулдап чыгышмак. Демек, ажонун чечкиндүү кадамдары элдин купулундагыдай чыйыр салып баратат. Мындан ары карай тандап соктурмайларга жол ачылбайт. Мыйзам баарына бирдей кызмат кылат.

Жора Сулайманов

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости