www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда сасык тумоо менен ооругандардын саны төрт миңден ашты. Алардын 70% жаш балдар. Январдын баштапкы эки жумасына салыштырганда бейтаптардын саны 19% өскөн.
Доктурлар сасык тумоонун алдын алуу үчүн жарандарды ден соолугуна сак болуп, иммунитетти көтөрүүгө, таза абада сейилдөөгө, өз убагында тамактанууга, ал эми ооруп калган кишилерди башкаларга вирусту жугузбоо үчүн беткап кийип жүрүүгө чакырышат.
Булак: NazarNews.kg