www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Майонездин негизинде жасалган татымалдар адамдын организмине эң зыяндуу болуп эсептелет. Бул тууралуу Ura.ru менен болгон маегинде диетолог Елена Тихомирова билдирди.

Эксперт майонез өсүмдүк майынан жасалып, ага жумуртканын сарысы жана туз кошуларын белгиледи. Натыйжада соус жогорку калориялуу болуп, денедеги суюктукту кармап сыртка чыгарбай коёт. Тихомирова зыяндуу соустардын катарына сырдан жасалган татымал дагы кирерин кошумчалады.

"Организмге көбүрөөк пайдалуу татымалдар тууралуу айта турган болсом, хрен жана горчицадан жасалгандарын сунуштайм. Булар ачуу болгондуктан капиллярдык кан айланууну, мээнин иштешин жакшыртат. Кан айланган соң, кол менен бут жакшы иштей баштайт", — деди Тихомирова.

Ал эми болбой эле майонез жегиси келген адамдарга адис майлуулугу төмөнүн алууну сунуштайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости