www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Калаада 20 үй жарыксыз калды!

Бишкектин 11-кичи районундагы № 11, 12, 13,14, 9-кичи районундагы № 3, 3А, 1, 5-кичи районунда № 73, 18,19 көп кабаттуу үйлөрдө электр жарыгы үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы билдирди.

Маалыматка караганда, Батыш автобекетинин районунда, Токтоналиев-Ахунбаев көчөлөрүндөгү № 50, 48, 42, Чокморов көчөсүндөгү №254, Шевченко көчөсүндөгү №12, Бөкөнбаев көчөсүндөгү №95, Үмөталиев көчөсүндөгү № 11 турак жайда да жарык өчүп калган.

Азыр 34 бригада оңдоо иштери менен алектенип жатканы кабарланды.

26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, жылуулук азайып, үйлөр суук болуп кеткенден бери электр энергиясын керектөө көбөйгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости