www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги Кыргызстанда түзүлгөн Илимий-консультациялык кеңештин мүчөсү, профессор Калдарбек Абдрамановду кепке тартып, карантиндин эрежелери так  сакталбаса элди чочулаткан илдеттин кесепеттери кандай болоору тууралуу пикир алыштык.
   
--Калдарбек мырза, коронавирус канча градус ысыкта жашай албай калышы мүмкүн? Күн ысыса илдет токтойт деген божомолдор айтылып жатат го?

--Илимпоздордун айтуусунда 70 градус ыссыкта 80% вирустар жок болот. Бирок так коронавирус боюнча так маалымат  жок.

--Коронавирусту дарылоо үчүн  бир бейтапка 3000 долларлык  каражат сарпталышы мүмкүнбү? 

--Азыр бир ооруну дарылоого канча акча керек экенин так айтууга болбойт. Себеби андай эсептөөлөр азыр жок. Коңшу Өзбекстанда 3 миң долларды түзөт деп жатышат. Кеткен каражаттын көлөмүнө ага сарпталган дары-дармек, медициналык буюмдар, коргонуучу каражаттар, тамак аш, суу, энергия, эмгекчилерге кеткен эмгек акы жана башка ушул сыяктуу  жагдайлар кошо  эсептелет го.

--Бейтаптарга андай каражат көп короп жатса “мен бир тоголок да дары ичкеним жок. Бирок, мени айыгып чыккандардын катарына кошуп жатышат” деген  видеолор тарап жатат го?

--Кээ бир жарандар дарыланбадым деп айтышып жатат. Бирок, оорунүн жеңил түрү болсо же вирүс алып жүрүүчү болсо аларга атайын дарылар берилбейт. Эгерде башка жандооч оорулар болсо, ошолорду дарылаганга дары-дармек берилиши мүмкүн. Негизинен коронавируста кабылдоо жок болсо кадимки эле грипп, суук тийген сыяктуу оорулардай дарыланат. Көбүнчө элде түшүнбөөчүлүктөн туура эмес маалыматтар тарап кетип жатат. Тактоо, түшүндүрүү иштери болбосо ошондой шек санаткан маалымат да көп боло берет.

--Элди чоочулаткан илдет көз аркылуу да жугушу мүмкүнбү?

--Корнавирус өпкө, кызыл өңгөч, мурун көңдөйү жана башка органдарга эле эмес башка бардык органдарга таасир берет. Көз эле эмес жүрөккө да тескери таасир берет. Тагыраагы, жүрөктүн, сезгенүүсүнө алып келет. Албетте, азыр так маалыматтар жок. Бирок, вирус бүткүл денеге тарагандан кийин соо орган калбайт да. Азырынча өпкөгө катуу таасир берээри  так белгилүү...

--Эмне үчүн шаарда коронавирус  көбүрөөк жайылып кетиши мүмкүн деген кооптонуу күч?

--Шаарда абал өтө оор. «Биринчи жана экинчи категориядагы контакт болгондорду таап көзөмөлдөп жатабыз» деп жатышат. Алардын баары шарттуу түрдө жасалган нерсе. Бул жакшы. Бирок реалдуу көрсөткүч андан 2-3 эсе жогору болушу мүмкүн. Шаарда жарандардын бири-бири менен качан, кайсы жерде контактта болгонун билиш өтө кыйын. Анткени көпчүлүк жарандар көп кабаттуу үйлөрдө жашайт. Үйгө кирип баратканда эшиктин туткасын ким кармаганын, лифттин баскычын ким басканын билиш кыйын. Эгер көп кабаттуу үйдө бир оорулуу жашаса, ал ошол лифтти колдонуп чыкса, анын артынан чыккандардын баарына жугат. Ошондуктан шаарда вирусту кимден жугузуп алганын билиш өтө кыйын. Ошондуктан карантинде үйдөн чыкпай отуруш керек. Керек болсо 15-майга чейин карантинде отуруу зарыл. Биздин элдин менталитети башкача, азыр жаз келгенге баары көчөгө чыгып алды. Эгер карантин сакталбай, абал күчөп кетсе 50-60 адам өтө оор абалда ооруканага түшсө, медициналык коллапс башталат. Өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар жетишсиз болот. Биз ошондо колубузду куушуруп эле отуруп калабыз да. 

--Иш учурунда илдет жугузуп алган дарыгерлердин жоопкерчилиги кимде болушу керек?

--Дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдөн Кыргызстанда медицина кызматкерлери көп жабыр тартты. Бул түздөн түз биздин медицина системасынын акыбалын күзгүдөй чагылдырып турат. Биздин медицина абалы мага заманбап машиналар өтүп жаткан чоң асфальт жолдо бараткан бузук, эски арабаны элестетет. Анан кантип коронавирус бизди аясын. А конкреттүү чоң жоопкерчилик медицинанын акыбалына ондогон жылдардан бери көңүл бурбаган өкмөттө. Бул биринчиси. Экинчиси, ошондой начар шартта унчукпай иштеп жүргөн медиктер бизде да күнөө, жоопкерчилик бар. Атайын коргоочу кийим жок болсо да, коронавирус менен күрөшкө жылаңач акыбалда врачтарын алдыга түрткөн медицинанын жетекчилеринин да күнөөсү чоң. Анан, албетте чоң жоопкерчилик медицина кызматкерлеринин өзүндө. Көпчүлүгү билип, билбей атайын кийимдери жок инфекцияга каршы чык десе  чыга беришет. Билсеңиз башында бизде жөнөкөй эле маска да  жок болду да. Өлкөдө маска да чыгарбайт экен. Анан, андай атайын кийим жок болсо, аларды колдонуу эрежелерин да  билишкен жок да. Өзгөчө биздин медицина тармагындагы эпидемиология кызматы, жугуштуу оорулар департаментинин дареметинин, лабораториялык кызматтардын мышык ыйлаар акыбалын даана көрсөтүп койду. Ал маселени биз медиктер билебиз, катардагы жарандар маани бербейт. Ошол кызматтардын өнүгүүсүнө кедергисин тийгизген адамдар, факторлор бары күнөөсүн мойнуна алуусу керек. Бирок, мындай учурда, мен көнкреттүү күнөөкөр издебөөгө чакыраар элем. Күнөө негизинен өкмөттүн өзүнөн кетти. Мен жогоруда тизмектеген, ондогон жылдар бою топтолгон кемчилдиктерди болтурбоо, коронавируска каршы алдын алуу иштеринин жоктугу жалпы өкмөттүн, саламаттык сактоо тармагын 30 жылдан бери жетектеген жетекчилердин жоопкерчилигинде турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости