www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Садыр Жапаровдун кадыр-баркы бир кыйла жогорулап кеткенин байкоого болот», - деди бүгүн, 19-июлда NazarNews маалымат агенттигине журналист Калдарбек Койлубайтегин.
- Калдарбек агай, президенттин эл арасында кадыр-баркы мурункудан дагы жогорулады дегендер да бар. Ошол эле мезгилде өлкөдөгү кризистин баарына аны күнөөлөп, рейтиги түшүп кетти деп сындагандар да бар. Сиздин баамыңызда президенттин рейтинги жогоруладыбы же төмөндөдүбү?
- Ачык айталы, президент Садыр Жапаров, көктөн жылдыз үзбөсө да, ким бирөө каалайбы-каалабайбы, калың журттун арасындагы кадыр-баркы бир кыйла жогорулап кеткенин байкоого болот. Ким билсин, кымбатчылыктын шору кайнатып жатканына, саясий айдыңдагы сырткы жана ички душмандардын котур таштарынын тынымсыз ыргытылгандыгына, экономикалык өсүш көккө секирик жасабагандыгына, же элдин турмушу жакшырып кетпегендигине карабастан бүгүнкү президенттин аброю, атаандаштарынын ичин күйдүрүп, бир топко жогорулап кетти. Бул жерде көп эле учурлардын башын байлап, саймедиресе болот. Башкысы, де-юре жана де-факто да кудум ушуну айтып турат. Ачуу чындыкты бурмалоого болор, бирок ачуу чындык ушундай.
Булак: NazarNews.kg