www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Туйгунаалыны эртең эле Мадумаровдун, Молдокматовдун, Атамбаевдин жана башка кеп жебестердин катарынан көрсөк, таң калбагыла», - деди бүгүн, 4-июлда NazarNews маалымат агенттигине журналист Калдарбек Койлубайтегин.
- Калдарбек агай, Туйгунаалы Абдраимов келтирген чыгымын толтуруп бергени үчүн камактан чыгыптыр. Анын эркиндикке чыкканы туура эле болдубу?
- 14 миллиондун айланасындагы уурдалган байлыгын кайтарып, жан соогалап чыгып кеткени, албетте, юридикалык көз караш менен алганда таптакыр туура эмес. Уурунун орду түрмөдө деген бүтүм сакталбай калып жатпайбы...
Бирок, Жапаровдун бийлигинин көптөн бери жүргүзүп жаткан саясатына карасак, бул кадимкидей эле көндүм көрүнүш катары болуп калыптыр. «Кусасың» - «утасың», тагыраагы, кустуризация деген шайтанат катуу иштесе, казына ошончо бат толот деген түшүнүк күчүндө окшойт.
Бирок, мунун баары таяктын эки учундай эле кеп. Ооба, экономикабыздын чабалдыгынан улам мына ушундай касиетинен нур качкан ыкмалар колдонулуп жатат. Кала берсе чет элдик шылуун кумарпоздорго да аргасыз уруксат бербедикпи. Менимче, утурумдук саясат.
Экинчиден, түрмөдөн жан соогалап чыгып алышкандар, көз караштарын салмактап нукту буруунун ордуна, кайра эле мушун түйүп, «баатыр» болуп калгансып, көкүрөгүн кагып бийликке асылып жатышпайбы. Таң каласың...
Туйгунаалыны эртең эле Мадумаровдун, Молдокматовдун, Атамбаевдин жана башка кеп жебестердин катарынан көрсөк, таң калбагыла. «Бөрү баласы эч качан ит болбойт» деген кеп жөн айтылган эмес...
Отуз жылда нени гана көрбөдүк, не деген кечүүлөрдү кечип өттүк, акылыбыз киргендей деле болду... Бирок баягы эле акылдан азып, такты талашмай, сенден мен кыйын деген шоу кайрадан башталды.
Эгерде эле Украинадагы абал бир аз башкачараак болгондо бизде деле башын көтөрүшмөк. Ансыз деле, Facebook’та ачык эле кимиси президент, кимиси гяуляйтор экенин жазып жатышпайбы.
Кала берсе, кыргызымды ойлоп да койбой, ар кимиси өзү үчүн ийненин көзүнөн өткөнгө даяр. Оңолбоптур бийликке мастар, соолугушпаптыр...
Менин оюмча, Туйгунаалы түз эле ошол «сабаттуулардын», «билимдүүлөрдүн», «түшүнгөндөрдүн» катарын толуктайт.
Булак: NazarNews.kg