www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Көбүнчө колго жазган балдардын өзү теңдүүлөргө караганда акылы тунугураак болот. Бул тууралуу норвегиялык окумуштуу Одри Ван дер Меердин изилдөөсүнө таянып Medical Xpress жазды.
"Учурда дүйнө сапариптешип бара жатат. Бирок бала окуучу кезинде калем сап кармап, колго жазууну жакшылап өздөштүрүшү зарыл. Анткени кайсы бир маалыматты көчүрүп же түшүнгөнүн дептерге жазуу жаңы материалды өздөштүрүп, өмүр бою эсине тутуп калууга жакшы жардам берет", — дейт адис.
Муну билүү үчүн илимпоздор 2017-2020-жылдар аралыгында бир нече окуучу жана студенттин мээсин текшерип көрүшкөн. Тагыраагы, балдарды мээнин кантип иштеп жатканын билип турчу атайын жабдууга отургузушкан. Ошол маалда балдар малыматты алгач калем менен баракка жазып, андан соң клавиатураны пайдаланышкан. Жыйынтыгында аппарат окуучу колго жазып жаткан кезде мээси активдүү иштээрин көрсөткөн.
Окумуштуу бул нерсени ар ким өзүнөн текшерип көрсө болорун айтат.
"Өзүңөр байкасаңар, адам дүкөнгө барганда сатып алчу товарлардын тизмесин кагазга жазып алганда жакшы эстеп калат. Баракты унутуп калган күндө дагы көздөгөн нерселеринин бардыгын сатып алат", — деди Ван дер Меер.
Мындан улам адис адам баласы канчалык санариптешүүгө ыктаса дагы, кагазга калем сап менен жазууну калтырбашы керектигин эскертет.
Булак: NazarNews.kg