www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коронавирус пандемиясынан улам дүйнөдөгү көп мамлекеттерде демократиялык институттар жана адам укуктары коркунучка кабылды. Бир катар мамлекеттерде бийлик пандемияны шылтоолоп, шайлоо жараяндарына, маалымат каражаттарына жана коомдук уюмдардын ишмердигине байланыштуу бир катар чектөөлөрдү киргизди.
Бул тууралуу "Freedom House" эл аралык адам укуктары уюмунун 2-октябрда жарыялаган "Карантиндеги демократия" деп аталган баяндамасында айтылат.
Анда 91 мамлекетке анализ жасалып, 21и эркин, 39у жарым-жартылай эркин, 31и эркин эмес эмес деп сыпатталган.
Кыргызстан жарым-жартылай эркин мамлекеттердин катарында. Борбор Азиядагы башка өлкөлөр - Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан "эркин эмес" деп эсептелген.
Уюмдун байкоосуна ылайык, пандемия башталгандан бери демократияга байланыштуу кырдаал 80 мамлекетте артка кетти. Алардын көбү авторитардык башкаруудагы өлкөлөр.
Баяндамада коронавируска байланыштуу жагдай, илдетке каршы күрөш чаралары тууралуу ачык маалыматтардын жоктугу же аз экени, коррупция, басма сөз эркиндигинин чектелиши сыяктуу маселелер мисал келтирилген. Айрым мамлекеттерде чиновниктер эпидемияга каршы күрөштү шылтоолоп өзүнүн ыйгарым укуктарын кеңейтип алган.
Баяндаманын авторлору пандемияга каршы күрөштө чектөөлөрдү киргизүү кадыресе көрүнүш экенин, бирок аны кыянат пайдаланууга болбой турганын белгилешкен.
Булак: NazarNews.kg